www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Карма ууруну карма деп ууру жүрөт…» “Марал” радиосундагы “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен саясатчы, активдүү демократ Равшан Жээнбековдун өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн, реформалардын абалы жөнүндө бир саатка жакын маегин уккандан кийин, “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегенди эстеп, төмөндөгү фактыларды дагы бир жолу кайталап коюуну чечтик.

Анткени, Равшан мырза коррупцияга каршы күрөш системдүү жүргүзүлбөй жаткандыгын айтып, ал үчүн бийлик башындагыларды да айыптап, кантип күрөшүүнүн жолдорун үйрөтүп киргенде, Жеңиш Молдокматов анын убагында Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турганда мамлекетке кандай зыян келтиргендерин, анда коррупциялык көрүнүштөр да болгондугун эсине салып, коррупцияга каршы күрөштү Равшан Жээнбеков деген адамдан баштоонун зарылдыгын айтты.

Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзиньпиндин жакында чыккан китебинде “Эгерде бирөөдөн сары тыйын алганың билинип калса, сенин эл алдында ошончо да кадырың калбайт” деген сөзү бар экен. Тилекке каршы, бизде мамлекеттин, элдин ырыскысынан канчалык көп жегендер, канчалык көп зыян келтиргендер - ошончолук оолугушуп, саясатчыга айланышып, башкаларга акыл насааттарды айтып, жол көрсөткөндү жакшы көрүшөт. Мына ошондой артында Авгийдин атканасындай мурас, төрт өгүз араң тарткыдай калбырлар жыйылган Равшан Жээнбеков деген адамдын оозун ачса эле демократия, адам укуктары, адилеттүүлүк, калыстык, чындык жөнүндө шиңгилдерди мөндүрдөй жаадырып жиберерин көрүп жүрөсүздөр.

Деги Равшан Жээнбеков деген ким?

Ал Акаевдин эң сүйүктүү аспиранты Кубанычек Жумалиевге жардамчы боло коюп, анан ал аркылуу ажонун үй бүлөсүнө аралашып, Айдар менен достошуп, анан 2002-2004-жылдары Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп, мамлекеттин, элдин байлыктарын арзыбаган акчаларга шатырата сатып, өзү заматта ошол убактагы байлардын катарына кошулганда биринчи үй-бүлөлүк башкаруунун мүчөлөрүнүн ичтери тарып, аны кызматтан алып ташташканда ичи күйгөнүнөн оппозициячылдардын катарына кошулуп, адилеттүүлүк, теңдик, чындык үчүн күрөшкөн демократ болуп чыга калган адам. Андай имидж менен батышчылардын, океандын ар жагындагылардын колдоолоруна ээ болуп, башына кыйынчылык түшкөндө ал жакка качып кетип калып да жүрөт. Алардан канчалаган гранттарды саагандыгы жөнүндө маалыматыбыз жок.

Анын кай жерде жашаса ыктыяры өзүндө деңизчи, бирок өзү коррупциялык көрүнүштөргө убагында активдүү аралашып, элге, мамлекетке орду толгус зыян келтирген адамдын минтип тазасынып, ар кимдерге сын тагып, реформаларды кантип жүргүзүүнү, коррупцияга каршы кандай күрөшүүнү үйрөтүп жаткандыгы кыжырды келтирет. Аны көргөндө аргасыздан бир акындын “карма ууруну карма деп ууру жүрөт” деген саптар эске түшөт. Чындыгында коррупцияга каршы күрөштү Равшан Жээнбековдой адамдардан баштаган туура болмок.

Равшан Жээнбеков долларлык миллионерге кантип айланган?

Ал 2002-жылга чейин студенттен анча деле айырмаланбаган, тиричилигин эптеп өткөрүп жүргөн адам болсо, мамлекеттик мүлк Фондусун башкарган эки жылдын ичинде жакындарыныкын кошкондо мүлк, байлыктары ондогон миллион долларды чапчыган байга айлангандыгы жазылды, айтылды.

Дагы бир жолу кайталасак, Р.Жээнбековдун аялы С.Алимбаевага Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Асыл-Таш” пансионаты 19 гектар жери менен таандык. Рыноктук баасы - 400 млн. сомду түзөт. Аны Р.Жээнбеков 6 млн. долларга сатууга аракеттенген менен, негедир ишке ашыра элек.

Мындан сырткары, С.Алимбаевага Бишкектин Эркиндик көчөсүндөгү № 9 үйдөгү базардык баасы 9 млн. сомдук №14 - батир, И.Ахунбаев көчөсүндөгү №83, баасы 7 млн. сомдук үй, “Тойота Венза” маркасындагы 2009-жылы чыгарылган В9696АЕ автоунаасы, өзүнө “Шевроле Субурбан” маркасындагы 2008-жылы чыгарылган В1365А намериндеги автоунаа, кызы Равшан кызы Айсулууга Бишкектин Тимирязев көчөсүндөгү №80-үйдөгү баасы 8 млн. 300 миң сомдук №14 батир, аялынын эжеси М.Алимбаевага Бишкектин Рыскулов көчөсүндөгү №34-үйдөгү баасы 9 млн. сомдон ашыкты түзгөн №1- батир, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №192-үйдөгү баасы 8 млн. сомдук №31 батир, анын сиңдиси А.Алимбаевага Бишкектин Ашхабад көчөсүндөгү баасы 14 млн. сомдон ашкан №11-үй, кайын энеси Рахима Алимбаевага Аламүдүн районундагы “Сейил” эс алуу зонасындагы 0,8 жана 4 гектар жерлер катталган. Аталган жерлердин рыноктук баасы – 400 млн. сом. К.Б.Оморов деген адамдын Р.Жээнбековдун эң жакын досу экендигин, ага жана анын жакындарына да Равшан Жээнбековдун көп байлыктары катталгандыгын ага аралашып жүргөндөр жакшы билишет. Бишкектин Пушкин көчөсүндөгү № 75 үйдөгү баасы 14 млн. сомдук “SOHO” кафеси К.Оморовдун наамында. Аны күрөөгө коюп, Р.Жээнбеков “Айыл Банктан” 12 пайыздык үстөгү менен 2016-жылы 10 млн. сом кредит алган. Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектарлык эс алуу зонасын ээликтеген “Эдельвейс-Тур” ЖЧКсы да К.Оморовго катталган. Ал эми анын эжеси Г.Оморовага Жээнбековдун “Тунгуч” кичи районунун баасы 7 млн. сомдук № 81-үйүндөгү кафеси, Бишкектин Түштүк-Батыш аймагындагы 1 гектар жер, Асанбай кичи районундагы №28 үйдөгү баасы 7 млн. сомдук №1 батир, Бишкектин Пожарский көчөсүндөгү № 57 үйдөгү жалпы баасы 9 млн. сомдук №2, №3, № 5 батирлер жазылган. Ал эми Р.Жээнбековдун бизнестеги өнөктөшү Дост Нур Мухаммедге анын Байтик баатыр көчөсүндөгү №3/2 үйдөгү баасы 11 млн. сомдук №28 батири катталган.

Мына, тазасынгандын мамлекеттик кызматта эки жыл иштеп турганда арттыргандары. Ага таандык мүлктөрдөн, кымбат баалуу унаалардан бул тизмеге кирбей калгандары да болушу толук мүмкүн.

Мүлк фондун жетектеп турганда мамлекетке кандай зыяндарды келтирген?

Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган эки жылдын ичинде жалпысынан 504 миллион 612 миң сомго ири 342 обьект сатылыптыр. Алардын арасында пансионаттар, реакрациялык комплекстер, эс алуу үйлөрү, лагерлер ж.б. бар. Конкреттүү айтканда, Ысык-Көлдөгү атактуу “Золотые пески” пансионаты чет элдик Ли Джун Сик деген жаранга 6,7 миллион сомго сатылган. Азыр пансионат турган жердин өзү эле мындан бир нече эсе кымбатка турат.

“Асыл-Таш” пансионатынын үч кабаттуу имараты 19 гектар жери менен Б.Казакова дегенге 902,5 миң сомго сатылып, анан көп өтпөй Р.Жээнбековдун аялы С.Алимбаеванын менчигине өткөн. Көл жээгиндеги “Радуга” комплекси 6 миллион 462 миң сомго пулданган. “Солнышко” пансионаты “Барди-Комп” ЖЧКсына 7 миллион 229 миң сомго кеткен. Ал компаниянын уюштуруучуларынын арасында экинчи качкын президенттин аялы Татьяна Бакиева да болгон. “Учкун” пансионатынын имараттарын мүлктөрүнө кошуп, арызабаган акчага азыр камакта жаткан депутат О.Артыкбаевдин аялы Раушан Артыкбаева сатып алган. Жалпысынан Артыкбаевдер Р.Жээнбеков комитетти жетектеп турганда ири 3 обьект сатып алышкан.

Буга караганда айрымдардын Раушан Артыкбаева менен Жээнбековдордун тууганчылык жактары бар дегендеринде чындыктын үлүшү бар окшойт. Менчиктештирүү кампаниясы башталганда өкмөттүн атайын токтому менен мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кеңселерин, мектеп, клуб, балдар бакчасы, оорукана сыяктуу социалдык обьектилердин имараттарын сатууга категориялуу түрдө тыюу салынган. Бирок Р.Жээнбеков мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу комитетин жетектеп турганда музыкалык мектептердин, окуу жайларынын, ооруканалардын имараттары да сатылган. Алсак, Караколдогу музыкалык мектептин имараты 164,8 миң сомго сатылган.

Мындан сырткары “КАД Компани” ЖЧКсы республикалык балдар клиникалык ооруканасынын “Жал” кичи районундагы имаратын 89 миллион сомго сатып алган. Р.Жээнбеков мамлекеттик мүлктөрдү башкарып турганда “Кыргызэнергоремонт” ААКсы, Ысык-Көлдөгү балык комбинаты, Аламүдүн чакан ГЭСтеринин каскады, Тоо кен металлургиялык комбинаты, Майлуу-Суудагы тигүү фабрикасы, Бишкектеги авторемонттук завод сыяктуу ири обьектилер, жүздөгөн сарайлар, кашарлар арзыбаган акчаларга сатылган.

Ал эми шаарлардагы, райондордогу басмаканалардын алды 710 миң арты - 25,5 миң сомдон сатылып кеткен. Ошол убакта Оштогу басмакана заманбап жабдуулары, кубаттуулугу жагынан Бишкектегилерден калышчу эмес. Ал 710 миң сомго гана кеткен. Же Р.Жээнбеков мамлекеттик мүлктөрдү башкарып турганда сатылгандардын бардык акчасы анын азыркы “Асыл-Таш” пансионатынын жерин кошкондогу баасына да жетпейт. Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүдө ири коррупциялык механизмдер иштегендиги эбак аныкталган.

Равшан мырзанын эки жылдын ичинде эпсиз байып кеткендигинин себеби ушунда болуп жүрбөсүн?

Анан ушундай какмаршакмарлуу адамдын микрофонго жакындаса эле жарамазандай кылып жабыратып акыл үйрөтүп, аракеттеги бийликтегилерди шыбатып сындагандыгы жөн эле жийиркендирет. Бирөөгө акыл айтып, айгак болордон мурда өзүнүн Кыргызстанды орду толгус жоготууларга учураткан эмгек жолуна саресеп салып, Акайычтын бир жүзүнө окшошуп турган кебетесин күзгүдөн жакшылап карабайбы!

Же менин иштеримдин эскирүү мөөнөтү өтүп кетти, эми эч нерсе кыла алышпайт, дүжүр сынчыга айланып, какылдап турсам, бир майлуу кызмат беришет деп жүрөбү?

Эшектин тезеги да тийбейт. Анын кылгандары укуктук жактан эскирген менен тонолгон, уурдалган, алданган элдин эсинен эч качан кетпейт. Элдин каргышына калгандардын тизмесинин алдыңкы сабында түбөлүккө калат.

Анын бир гана сөзүнө, же “мурдагы бийликтегилер коррупция менен чындап күрөшкөн эмес” дегенине толугу менен кошулабыз. Эгерде алар күрөшсө, Равшан мырза минтип эркиндикте жүрмөк эмес. Эбак түрмөдө отурмак. Мүмкүн, дагы деле кеч эместир. Анын элге келтирген зыяндарынын көлөмүнө жараша “чыккынчылык” катарында чечмелесе да болот.

Ал эми УКнын “Чыккынчылык” беренесине эскирүү мөөнөтү таркатылбайт.

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости