www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда 3 жашар бала сүннөткө отургузууда чарчап калганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Каргашалуу окуя 9-июнда  райондук ооруканалардын биринде катталган. Оорукананын мурунку башкы дарыгери Бишкекте жашаган небересин сүннөткө отургузууга алып келген. Бирок, 3 жашар бала операция столунда каза болуп калган.

“Каза болгон наристенин чоң атасы мурда ушу ооруканада башкы дарыгер эле. Ошондуктан, ал небересин Бишкектен так ушул жакка алып келүүнү чечкен. Балада фимоз дарты болгон. Доктурлар жалпы наркоз бергенде, балада  аллергиялык реакция жүрүп кетип каза болгон”, - деп билдирет булактар.

Саламаттыкты сактоо  министрлиги аталган маалыматты тастыкташкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости