www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Анда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп ТүркПАнын алкагында айым менен жаштар парламентинин жыйынын өткөрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, ТүркПАнын жыйынын алкагында бир күн мурун аялдар парламенттеринин жана жаштар парламентинин жыйынын өткөрүп, ар бир өлкөдөн бирден мүчө катышып, кызматташык боюнча бир катар иштерди алып барат.
Шентоптун билдирүүсүнө ылайык, ТүркПАнын алкагында ага мүчө болгон өлкөлөр дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча биргелешкен иштерди алып барууда.
Шентоп ошондой эле парламенттер ортосундагы эки тараптуу протоколдордой сыяктуу эле, көп тармактуу орток протокол түзүү сунушу айтты.
Мындан сырткары, ал мүчө өлкөлөрдүн парламенттинде эмгектенген кызматкерлерди тажрыйба алмашуу үчүн ушул жылдын күз айларында Түркияга келип-кетүүгө чакырды.
ТүркПАнын жыйынына Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак, үркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов катышууда.
Булак: NazarNews.kg