www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан, жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча Ж.Абдрахманов айыл өкмөтүндө жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, 1997-2004-жылдар аралыгында Чолпон-Ата шаарынын мэриясына тиешелүү 0,08 га жер тилкеси, Ананьево айыл аймагында жайгашкан муниципалдык автовокзалга тиешелүү 139,4 м2 курулуш объектиси жана 0,16 га жер тилкеси ошондой эле, Чолпон-Ата SOS балдар айылы” коомдук фондунунун менчигине берилген айыл чарба багытындагы “сугат айдоо” категориясына кирген 4,0 га жер аянты мыйзам талаптарын бузуу менен жеке тараптарга берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 167 млн 568 миң сомдук 4,26 га жер аянттары мамлекетке кайтарылды.