www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында «Телеграмм» аркылуу лицензиясы жок онлайн казино иштетүүгө шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ИИМдин кибер кылмыштар боюнча кызматкерлери «Телеграммда» мониторинг жүргүзүп, «xCoin.KG» бот-каналын аныкташкан. Ошондой эле анын ээси өлкө аймагында лицензиясы жок «1-Xbet» букмекердик конторасынан Кыргызстандын банктык карталары аркылуу сайылган акчаларды кабыл алууну, толуктоону жана чыгарууну жүргүзүп жүргөнү такталган.
ИИМ аталган «1-Xbet» букмекердик конторасынын Кыргызстанда онлайн-казино жана электрондук казино ишмердүүлүгүнө лицензиясы жок экендигин билдирди.
Ошондой эле «xCoin.KG» бот-каналынын дагы өлкө аймагында букмекердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жана төлөм оператору катары финансылык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы жок экендиги айтылды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) менен кылмыш ишин козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө «xCoin.KG» бот-каналынын 20 жаштагы А.К. аттуу ээси жана операторлору: 20 жаштардагы А.И. жана У.У. аттуу жарандар аныкталган.
Бот каналдын ээси кылмышка шектүү катары кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.