www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы беш жылда паспорттордун мыйзамсыз берилиши жана жасалма паспорттор боюнча укук коргоо органдары 405 кылмыш ишин козгошту. Башкы прокуратура "Азаттыкка" билдиргендей, булардын ичинен 186 иш тергелип бүтүп, сотко өткөн.

Ал эми 39 иш мыйзамда жазылган жүйөлөрдүн негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Калганы токтотулганы жана тергөөдө экени белгилүү болду. Башкы көзөмөл органы кылмыш иштери кайсы негизде токтотулганы тууралуу так маалымат берген жок.

Буга чейин Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө, бозгундагы саясатчыларга берилген жана жасалма паспортторго байланышкан бир нече факты ачыкка чыккан.

ИИМ 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш ишb козголуп, 125и сотко жөнөтүлгөнүн, ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана "кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок" деген жүйө менен токтотулганын билдирген.

Былтыр Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранынын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, аларга жасалма документтер берилген факты катталган. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон уйгур улутундагы 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганыбелгилүү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости