www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевге жактоочуларды киргизбей жатышат. Бул тууралуу анын жактоочусу Мырсалы Осмонкулов айрым малымат булактарына билдирген. 

Айтымында, кечээ саат 17:30да ал Транспорт боюнча ички иштер башкармалыгына (ТИИБ) Эмир Чукуев менен жолугуу үчүн келген. Бирок, нөөмөттө турган кызматкер аны уруксат алып кел деп, ТИИБнын башчысынын орун басары Урматбек Матисаковго жолдогон.

“ТИИБнын башчысынын орун басарына мен жактоочунун күбөлүгүн, буйругун  көрсөттүм, бирок ал мага юридикалык кызмат көрсөтүү тууралуу келишимди дагы көрсөтүшүм керек экендигин айтты. Анын талаптары мыйзамсыз экенин билдирип, жактоочулар тергөө органдарына юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу келишимди көрсөтүүгө милдетүү эмес дедим. Ошентип ал мени Эмир Чукуевдин жанына киргизген жок“, – деди Мырсалы Осмонкулов.

Жактоочу бир жарым сааттан кийин кесиптеши Майрамбек Жумабеков (Эмир Чукуевдин кызыкчылыгын көздөгөн жактоочу) экөө биргеликте Эмир Чукуев менен жолугууга аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес.

“ЖМК аркылуу мен башкы прокурорго кайрылам. Урматтуу Курманкул Төралиевич, Матисаковдун мыйзамсыз иш-аракеттери –  жактоочулардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратууда. Мындан тышкары ал кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланууда. Жактоочунун укугу менен бирге камактагы кишинин дагы конституциялык укугу бузулуп жатат. Матисаковдун иш-аракеттерине карата башка арыз жазып, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен дагы кайрылабыз. Ошондой эле, Матисаковдун мыйзамсыз аракеттерине карата нөөмөттөгү транспорттук прокурор Байыш Аукеевге да кайрылгам. Бирок, ал дагы Чукуев экөөбүздүн ортобуздагы юридикалык кызмат көрсөтүү тууралуу келишимди талап кылды. Мен Чукуев экөөбүздүн ортобузда келишимдик мамиле жоктугун, бирок анын жубайы менен келишим түзүлгөнүн билдирдим. Мыйзам туугандары менен келишим түзүүгө мүмкүндүк берет. Мен таң калып жатам. Эгер көзөмөлдөөчү прокурор мыйзамды билбесе, анда ал милиция менен тергөөдөн эмнени талап кыла алат? Мындан улам мен Курманкул Зулушевге кайрылып, Аукеев Байыш менен Матисаков Урматбекке карата чара көрүүнү суранам“, – деди жактоочу.

Учурда  Мырсалы Осмонкуловдун камактагы Эмир Чукуев менен келишим түзгөнгө такыр мүмкүнчүлүгү жок.

“Эгер аны менен жолугуп калсам дагы бир келишим түзөт элем, бирок Эмир Чукуевдин жанына жолотпой жатышпайбы“, – дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости