www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ак-Кула” ат майданын көчүрүүгө каршы акция өтүүдө

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында бүгүн, 17-февралда майданды шаардын сыртына көчүрүүгө каршы тынчтык жыйыны өтүүдө.

Ага катышкан ат жана улуттук спорт боюнча активисттер вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин "Биринчи радионун" эфиринде ипподромду көчүрүп, ордуна футбол талаасын куруу маселеси каралып жатканын айтканын билдиришип, мындай чечимге каршы болушууда.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков катышып, мэриянын пландары жана көз карашу тууралуу маалымат берүүдө.

"Ак-Кула" ат майданы бир нече жылга созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин 2020-жылдын сентябрь айында Бишкек шаар башкармалыгынын карамагына өткөн.

«Ак-Кулага» караштуу жерлер 1996-2005-жылдарда менчикке сатылып кеткен. Бул ишти Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы 2011-жылы иликтей баштап, «жер мыйзамсыз сатылган» деген негизде аны мамлекетке кайтаруу үчүн сотко кайрылган. Узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин райондук жана шаардык сот прокуратуранын доосун канааттандырган.

«Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу. Шаардык бийлик ат майдандын 54,94 гектар жери шаардын балансына кайтарылганын, калган жер тилкелери боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Ипподромдо улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости