www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт жыл мурда кабыл алынган мыйзам, 4 күндөн бери кызуу талкууда. Унааээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдын 2019-жылдын 7-февралынан баштап күчүнө кириши жаңы жылдын алгачкы күндөрүнөн тартып социалдык тармактардын айрым колдонуучуларын жанданткан өңдүү. Бул боюнча түшүнбөстүктөрдөн улам, мыйзам учурдагы өкмөттүн демилгеси катары бааланып, анын дарегине кескин сындар да айтылууда. Бирок бул маселеге байланыштуу тактап кете турган жагдайлар бар. Тагыраагы, 2019-жылдын 7-февралынан тартып күчүнө кире турган «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам тээ 2015-жылы 24-июлда эле кабыл алынган экен.

Анан бул мыйзам 2016-жылдын 7-февралынан тарта күчүнө кирмек. Бирок 2016-жылдын 2-августунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү 2019-жылдын 7-февралына чейин жылдырылат. Мындан улам эми учурдагы өкмөт жогоруда белгиленген мыйзамды күчүнө киргизүүгө мажбур болуп турган чагы. Ошол эле учурда талаштуу мыйзам боюнча мөөнөттү 2019-жылдын 7-августуна чейин узартуу боюнча өкмөттүн тийиштүү токтому коомдук талкууда турат.

Ал эми эл арасында талаш-тартыш жараткан мыйзамда республика аймагында унаа ээлеринин жарандык жана укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тутумун киргизүү каралган. Ошондой эле жол кырсыгына кабылгандар келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдигин алышмакчы.

Айтмакчы, ар бир мыйзам долбоору кабыл алаардан мурда бир нече баскычтан өтөт эмеспи. Кезегинде бул мыйзамдын долбоору дагы коомдук талкууга эбак эле коюлган. Дээрлик 4 жыл мурда кабыл алынган бул мыйзамды сындаганга эми убакыт тапкандарга жол болсун дейли. Алар ошол мыйзам долбоор демилгеленген жылдары кайда жүрүштү эле деген суроо жаралат. Азыр социалдык тармакта дал ушул маселе боюнча “өз көз караштарын” жазып, жанданган жарандар “темирди ысыгында чапса” кана!

Булак: "Чалкан"

Последние новости