www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жыл - "Доңуз жылы"

Тарыхчынын чыгыш элдеринин этнографиясынын кызыктуу маселесине – он эки жаныбардын атына ылайык түзүлгөн көөнө жылсанакка жана анын ичинде “Доңуз жылы” аталышына арналган блогу.

Сөз алды

Кыргызстанда мүчөлгө (12 жаныбардын атына негизделип түзүлгөн чыгыш жыл санагына) жана андагы жыл аттарына байланыштуу талкуулар ар жылы Жаңы жыл майрамынын босогосунда жана андан кийинки күндөрү өзгөчө жанданат.

Быйылкы жылдын (2019-жылдын) аты — Доңуз жылы.

Бул аталыш (Доңуз жылы) — көчмөн бабалар тарабынан 12 жаныбардын жыл санагы ойлоп табылган кезден берки аталышы, б.а. "азан чакырып аталган" нукура аталыш.

Арийне, өзүн “момундун момуну” эсептеген айрым замандаштарыбыз Интернеттеги коомдук тармактарда “доңуз” сөзүн чанып, аны таптакыр колдонбоого чакырганда, биз тарыхый маалымат менен бөлүшүүгө шаштык.

Көөнө Хун доору

Түрк элдеринин байыркы бабаларынын бири — Ички жана Борбордук Азияда көчмөндөр дөөлөтүн негиздеген хундар болгон.

Хундар он эки жаныбардын аталышына негизделген жылсанакты колдонгондугу жоромол кылынат. Жылсанакка кирген жаныбарлардын ичинен ажыдаар (лу) хундар үчүн өзгөчө тотемдик мааниге ээ болгон.

Хундардын ичинен Чыгыш жана Борбордук Европага чейин журт которгон бөлүгү (гунндар) да бул чыгыш жылсанагы туууралуу маалыматты жаңы аймактарга тааныткан. Маселен, гунндардан кийин Эдилден журт которуп, азыркы Болгарияга, Балканга чейин келип, өз түрк тилдүү мамлекетин негиздеген (кийин славяндашып кеткен) булгарлар 12 жаныбар атына негизделген төмөнкүдөй жылсанакты колдонушкан:

1. Kuzgé — чычкан

2. Shiger (сыгыр) — уй

3. Kuman (Imén) Ügur — жолборс,

Myachè Ügur — жолборс

4. Taushan — койон

5. Samar — ажыдаар

Birgün (Bergen, Birig, Baradj) — ажыдаар (б.а. улуу)

6. Dilan — жылан

7. Tykha — жылкы

8. Téké — теке (б.а. “кой жылы” эмес, “теке жылы”)

9. Bichin, Michin — маймыл (мечин)

10. Tavuk — тоок

11. It — ит

12. Shushma — доңуз (бул “шушма” сөзү “чочко” сөзүнө окшоп турат).

Акырындап христиандашкан (тарса болуп калган) борбордук европалык булгарлар жапайы каманды туюнткан “доңуз жылы” сөзүнүн ордуна жыл аталышы катары “шушма йылы” (“чочко жылы”) сөзүн колдонуп калгандыгы кызык.

Энесай Кыргыз каганаты жана Чыгыш Түрк каганаттары

Энесай жана Орхон руна сымал жазма маданиятын түптөгөн кыргыз жана чыгыш түрк элдери да 12 жаныбардын атына негизделген жылсанакты ырааттуу колдонушкан.

Асыресе, VIII к. таандык орхондук руна сымал жазма булактарда он эки айбандык жыл санактын жыл аттары пайдаланылган.

Маселен, азыркы Монголиядагы Орхон дарыясынын сол жээгинде Хөшөө Цайдам жергесинде табылган Күл-тегинге арналган руна сымал жазма эстелик ташта (экинчи каптал бетинде, 13-сапта) кой жылы (коң йылы), мечин жылы (бичин йылы) эскерилет.

Эл Этмиш Билге каганга (ханзуча Мойунчур, б.а. Байан-Чор) арналган руна сымал жазма таш эстеликте (9-сапта) да “коң йыл” (“кой жылы”) эскерилген. Ушул эстеликте (20-сапта) “койон жылы” орхондук түрктөрдүн тилинде “табышған йыл” (tabïšγan yïl) деп берилген. Башка жеринде (40-сапта) “тоок жылы” — орхон түркчө “такығу йыл” (taqïγu yïl) деп аталган.

Кыргыздар азыркыга чейин “кой жылы”, “мечин жылы” аталыштарын сактап келет (ошондуктан азыркы айрым кыргыз замандаштарыбызды “модага” ыктап, айрым башка элдердин варианттарын ээрчип, бул жыл аталыштарын “кой жылы” эмес — “теке жылы” жана “мечин жылы” эмес — “маймыл жылы” деп башка аталышка “ооп кетүүгө” азгырылбоого чакыраар элем).

Эл Этмиш Билге каганга багышталган экинчи жазма эстеликте (Терх) барс жылы менен жылан жылы (barš yïl; yïlan yïl; 1-сапта), мечин жылы (бичин йыл — bičin yïl; 25-сап), ит жылы (ït yïl; 27-сапта), доңуз жылы (лагзы йыл — laγzï yïl; 28-сап), чычкан жылы (“күсгү йыл” — küsgü yïl; 29-сап) эскерилет.

Орхондо Күли-Чорго арналган эстеликте (6-сапта) бул баатыр тогуз жашында азуулуу доңуз (“азыклығ тоңуз” — azïqlïγ toŋuz) өлтүргөнү айтылат.

Демек, чыгыш түрктөр жапайы доңузга аңчылыкка чыгышкан.

Эгерде мүчөлдүк жыл аталышындагы “доңуз” сөзүн азык катары аңдасак, анда чычкан, улуу, жылан, маймыл, ит жылдарынын атын эмне кылабыз? Алардын этин деле жебейбиз го.

Албетте, дарылыкка деп жылан, иттин этин жегендер учурап калып жүрөт деңизчи, бирок уламыштагы жана жомоктогу ажыдаардын (жылсанакта “улуу” деп аталган жандыктын) этин жемек тургай, сүрөтүн гана мултфилмден эле көрүп келебиз го?

Демек, алардын аты менен аталган жылдардын аталышын азык-түлүк булагы катары “тергөөнүн” деле зарылчылыгы болбогон соң, быйылкы жылды “ийменип” “Кара кийик жылы” дебестен, миңдеген жылдар мурдагыдай эле “Доңуз жылы” деп атай бергенибиз ылайык го.

Булак: Азаттык

Последние новости