www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баары 1971-жылы башталган. Пакистан Индия менен болгон согушта катуу жеңилип, өлкөнүн жарымы бөлүнүп кеткен (азыркы Бангладеш). Бул Пакистан үчүн улуттук трагедия эле. Ал аз келгенсип, 1974-жылы Индия өзүнүн алгачкы ядролук бомбасын сынап, Пакистанды ого бетер кооптуу абалга кептейт.
Ошол кездеги Пакистандын лидери Зульфикар Али Бхутто тарыхта калган сөзүн айтат: "Эгер Индия бомба жасаса, биз чөп жеп, ачка калсак да, өзүбүздүн бомбабызды жасайбыз. Биздин башка аргабыз жок!"
Пакистандын бул максатына жетишине бир адам чечүүчү ролду ойногон — ал физик Абдул Кадыр Хан. Ал Европанын уран байытуучу эң жашыруун ишканасында иштеп жүрүп, керектүү маалыматтарды, чиймелерди жана технологияларын тымызын билдиибей көчүрүп алат.
1975-жылы ал Пакистанга качып келип, өзү менен кошо "ядролук рецептти" ала келет. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги эң ири технологиялык уурулук катары сыпатталганы менен, пакистандыктар үчүн ал улуттук баатыр. Ал чөлдө жашыруун лабораторияларды куруп, уранды байытууну баштайт.
Бул жерде Пакистандын жолу ачылып кеткен десек болот. Себеби 1979-жылы СССР Ооганстанга басып кирет. АКШ үчүн Советтер Союзуна каршы туруу эң башкы максатка айланат. Ал эми Ооганстанга кирүү үчүн Пакистандын аймагы жана жардамы аба менен суудай керек эле.
АКШнын чалгын кызматтары Пакистандын бомба жасап жатканын эң сонун билишкен. Бирок Ак үй "көз жумуп" коюуну чечкен. Алар үчүн Пакистанды санкциялар менен кысуу Ооганстандагы согуштан жеңилүү дегенди билдирмек. Ошентип, геосаясий кызыкчылык ядролук коопсуздуктан жогору турган.
Иран менен Пакистандын эң чоң айырмасы эл аралык келишимдерде
Иран "Ядролук куралды жайылтпоо келишимине" кол койгон мамлекет. Демек, ал бомба жасаса, эл аралык мыйзамды бузган кылмышкер катары каралат.
Ал эми Пакистан бул келишимге эч качан кол койгон эмес. Юридикалык тил менен айтканда, Пакистан эч кимге "бомба жасабайм" деп убада берген эмес. Ошондуктан аларга санкция киргизүү Иранга караганда бир топ кыйын болгон.
Пакистан 20 жыл бою баарын жашыруун алып барды. 1998-жылдын май айында Индия кайрадан ядролук сыноо өткөргөндө, Пакистандын жооп берүүдөн башка айласы калган жок.
Бир нече күндүн ичинде Пакистан Чагай тоолорунун астында 5 жолу катар-катар жардыруу жасап, тоолордун түсү аппак болуп өзгөрүп кеткен. Ошол күнү Пакистан расмий түрдө дүйнөдөгү 7-ядролук держава жана биринчи мусулман өлкөсү болуп калды.
Бүгүнкү күндө Иранга болгон катуу кысымдын себеби — Израилдин коопсуздугу жана АКШ менен болгон кастык мамиле. Пакистан болсо "туура убакта, туура жерде" болуунун аркасында, дүйнөлүк державалардын бири-бири менен болгон тирешинен пайдаланып, өз максатына жетип алган.
Пакистан бул технологияны кийин Түндүк Корея, Иран жана Ливия өлкөлөрүнө сатып жибергени тууралуу да маалыматтар айтылып келет.
Автор, Замир Сапар