www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Надира айым, Аскар Акаев Кыргызстанга келер менен "Кумтөрдөгү" афёра боюнча УКМКга суракка чакырылыптыр. Эми көп сырдын бети ачылышы мүмкүнбү?

- Акаев Аскар Акаевичке УКМК аркылуу издөө жарыяланып, алынып келиниши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эртеби-кечпи бул окуя болушу керек эле. Учурдагы бийликтин Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Кыдыршаевичтин эркинин күчтүүлүгү, "Кумтөр" коррупциялык схема менен айосуз күрөшүп, чечкиндүү кадамдарды жасаганга духу, руху, саясый эрки жетиштүү экендигинин натыйжасында, убак-сааты ушул күнгө туш келди. 16 жылдан кийин учурунда 15 жыл мамлекетти башкарган Аскар Акаевдин келиши 16 жылдан бери өлкө ичинде болуп келе жаткан түрдүү жоопсуз келе жаткан пикирлердин кагылышуусуна чекит койгонго мүмкүнчүлүк түздү. Анткени, "Кумтөр" боюнча "Камеко", "Центерра Голд" ж.б. афералык компаниялар менен түзүлгөн келишимдер Акаевдин бийлик башында турган мезгилден башталган. Ошондуктан, "Кумтөр" боюнча ачыктык, тактык, айкындуулук киргизгенге, "Кумтөрдө" 30 жылга жакын убакта түзүлгөн Кумтөр аферасына тиешеси бар адамдар, шектүүлөр менен беттештирип, тактаганга, тергөөнүн адилеттүү жүрүшүнө, кимдин канчалык деңгээлде күнөсү бар экендигин далилдөөгө шарт түзүлөт.

Экинчиден, Аскар Акаевдин Кыргыз мамлекетинин башчысы катары 15 жылдык мөөнөттө жасаган плюс, минус иш аракеттерин тактап, өз элинин алдында канчалык күнөөсү бар, жок экендигин далилдеп, жүзүн ачып алганга шарт түзүлдү. Менимче, Аскар Акаевдин өзүнүн жекече оюу, максаты да ошондой болгон үчүн Кыргызстанга келгенге макул болду болуш керек. Бул көрүнүш Садыр Жапаров баш болгон учурдагы бийликтин Кыргыз тарыхындагы чечкиндүү туура кадамы болду деп эсептейм. Аскар Акаевдин келиши менен көп маселелер такталат, аныкталат буюрса. Үчүнчүдөн, Аскар Акаев үчүн жакшы кадам. Качанга чейин өз Ала-Тоосуна суктанып жүрмөк эле. Тобокелчилик кээде адам баласына ийгилик алып келиши мүмкүн. Күнөөлүү болсо, мыйзам алдында жооп берсин. Күнөөсү жок болсо, кыргыз элинин алдында өзүнүн ким экендигин далилдеп, жүзүн ачып, эл арасында жашай берсин. Төртүнчүдөн, Аскар Акаев эл башчы, журт башчы болгон. Жөнөкөй катардагы жаран эмес. Балким сыртка кубалап чыккан Президенттерди алып келип, баарын бир бири менен беттештирип, айкындуулук, адилеттүүлүк менен мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүп чыгуу, Кыргыз мамлекетинин келечегине пайдасы тийиши мүмкүн. Падышаларды кубалап, өнүгүп, өсүп же жыргап, бактылуу болуп кетпедик. Андыктан, биротоло экинчи президент Курманбек Салиевичти да алып келип, Акаев, Бакиевдин коопсуздугун сактап, биротоло териштирүү иштерин жүргүзүп, өлкө ичинде стабилдүүлүктү сактап, алдыга карай өнүгүү жолуна түшсөк болот эле. Балким Президенттердин баарын чогултуп, такташып алганыбыз оң болуп турат. Кыргыз эли айкөл кечиримдүү эл. Мыйзам ченемдүү баа берилип бүтсө, адилеттүү чечимдер чыкса эл деген түшүнөт. Өзгөчө учурда элдик бийлик орноду деп жатабыз. Мүмкүн президенттердин келиши, алар менен такташуу элибизге оомат алып келет. Кудай колдойт. Анткени, президенттер Кудайдын буйругу менен келет. Кудайдын буйругуна каршы чыгып, өз тагдырыбызды талкалап жаткан жокпузбу? Төртүнчү, бешинчи революция болот деп, бир бирибизди коркутуп, чукуламайлардан кутулуп тынып, тынчып жашап калабыз. Ыйманга, ынсапка келип.

- Сурак элди алаксытуу үчүн уюшулган жөн эле оюн эмеспи? Азыркы бийлик чындап эле Аскар Акаевди жоопко тартууга болгон аракетин жумшашабы?

- Аскар Акаевди УКМКга алып келиши мамлекеттин шоусу же оюну деп ойлобойм. Мен жогоруда жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө аракет кылдым. Тергөө амалдары, тергөөнүн жүрүшү менен убакыт көрсөтөт. Алдын ала көз ачыктык кылып, божомолдоп, жоромолдогон пикирден алысмын. Мезгил тараза. Алдын ала камабай, коопсуздугун камсыз кылып, тергөө амалдарын жүргүзүп, адилеттүү иш алып барып, күнөөлүү, күнөөлүү эмес экендигин аныктап,тактаса болот. "Кумтөр" боюнча тарыхый материалдар жетиштүү. Акаев менен иштешкен учурундагы көпчүлүк кадрлардын көзү тирүү. Бакиев Курманбек Салиевич жетпей турат. Анткени, "көзү жоктун, өзү жок кылып" көзү жок адамга түрдүү шылтоо, жалаалар жабылышы мүмкүн. Беттешкенде көп маселелер ачыкталат. Бир эле Бакиев Курманбек Салиевич жок болуп жатат. Калган беш президент Кыргызстанда. Баарын бир бири менен беттештиргенде көп суроолорго жооп табылат. " Өңдү көрсө жүз таят" болуп, "ийри отуруп,түз кеңешип", мыйзам чегинде, УКМК тиешеси бар укук коргоо органдары иш алып барат деген ойдомун. Жакшылыка ниет кылалы. УКМК "Кумтөр" аферасы боюнча түзүлүп келген 30 жылдык афералык схеманын бетин ачат деп үмүттөнөлү. Курманбек Салиевичтин да коопсуздугуна кепилдик кылып алып келип, эл алдында адилет тергөө, тактоо болсо, шылтоо менен Акаевге, Бакиевге коюлуп келген ар кандай дооматтар, күнөөлөрдүн бардыгы такталышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир эле "Кумтөр" аферасы эмес, Аксы окуясы, 2005-жылкы Жоогазын революциясы, 2010-жылкы апрель кандуу төңкөрүшү, Ош, Жалал-Абад, май, июнь окуясы, марадерство, АУБ, ячейка ж.б. баары тарых алдында такталганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жыйынтыктап айтканда, Аскар Акаевдин келишинен жамандык ойлобойм. Тескерисинче, Курманбек Бакиевди да алып келип, экөөнүн коопсуздугуна мыйзамдуу кепилдик менен шарт түзүп териштирүү иштерин жүргүзсө, такташып алып, тынып, тынчыйт белек деп ойлойм. Топ-топко бөлүнүп алып, бири бирин каралап, "сен кара, мен ак, сен ууру, мен тууру, сен акмак, мен акылдуу, сен сабатсыз, мен билимдүү" деген көчө кыйкырыктарды токтотуп, такташып алып, күнөөсү бары мыйзамдуу баасын алсын. Күнөөсү жогу кыргыз элине жамандыгы эмес, жакшылыгын тийгизип, эл ичинде башын көтөрүп, өз жеринде жашап жүрсүн. Топ-топ болуп, "сеники, меники" деген бөлүнүп жарылуулар да токтойт беле деп үмүттөнөм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости