www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Надира Нарматова коомчулукта болуп жаткан окуяларга көз салып, Фейсбуктагы баракчасына өз оюн байма-бай чыгарып келет. Бул жолу да Азаттык менен Матраимовдордун ортосунда жаралган чырга өз пикирин билдириптир. Төмөндө анын пикирин бермекчибиз.

МАСКАРАПОЗДОР! "Азаттык" - азаттык болбой калыптыр. "КАРА ЖАШЫК" болуп калган турбайбы. УЯТ, ШЕРМЕНДЕЧИЛИК!
Азаттык эки жылдан бери бош үйдө олтурган, эч жерде иштебеген Раим Матраимовго ЖАЛАА ЖААП, КООМЧУЛУККА ЖЕК КӨРСӨТҮП, БИРӨӨНҮН БУЙРУГУН АТКАРАМ деп, бир эмес, үч жолу шерменде эле эмес ИТ ЭЛЕ БОЛДУҢАР. Бардык аракетиңер, ЖАЛАА, АРАМДЫК, КЫТМЫРЛЫК ЭКЕНДИГИН өз колуңар, сөзүңөр, аракетиңер менен далилдеп, өз жүзүңөрдү өзүңөр ачып алдыңар.
Кыргыз журналистерин, коомчулукту көтөрүп жаман үйрөнгөн экенсиңер. Мындан кийин Кыргыз коомчулугу, Кыргыз журналисттери силердин АРАМ АРАКЕТТЕРИҢЕРГЕ ишенип, көтөрүлөт деп, ойлойсуңарбы?..
Кыргыз журналисттери көрдүңөрбү, БАТЫШТЫН ЫРЫН ЫРДАГАН АЗАТТЫК Кыргыздын жарандарына ШАНТАЖ УЮШТУРУП, Кыргыз журналисттери менен коомчулукту КУРАЛ КЫЛЫП ПАЙДАЛАНЫП, Кыргыз мамлекетинин тынчтыгын бузууга аракет жасап жаткандыгын.
Мындан кийин силерге ким ишенет?

КООМЧУЛУКТУН ТАБИТИН БУЗУП, ЧОҢ САЯСАТ ЖАСАП, ЭЛДИН ТЫНЧЫН АЛБАЙ, ОФИСИҢЕРДИ ЖААП, КЫРГЫЗСТАНДАН АКЫРЫН КЕТИП КАЛГЫЛА. Силердин кесепетиңер Кыргыз журналисттерине тийбесин. Кудайдын азабынан корккула!

"КАЙТААР ДҮНҮЙӨ" деген бар. Матраимовдорго көр казсаңар, БУЙРУТМАЧЫҢАРГА, ӨЗҮҢӨРГӨ ӨЛЧӨП КАЗГЫЛА. Анткени тек гана өз жумушун жасап, өз жолунда жүргөн адамдарга, тынбай кытыгылап, жөн жаталбай, эрмектей берсеңер, БУЙРУТМАЧЫҢАР да, Азаттыктын АТКАРУУЧУЛАРЫ ОШОЛ КАЗГАН КӨРҮҢӨРГӨ Кудайдын буйругу менен өзүңөргө буйруп калышы мүмкүн. Анткени, соопчулук жолунда, сабырдуулук менен, бирөөгө кыянатчылык кылбай өз иши менен алек болуп жүргөн адамдарды Кудай өзү колдойт.

Раим Матраимовдукундай үй, катардагы карапайым адамдар деле салып жашап жатышат.
Р.Матраимовдой байлар Кыргызстанда жүздөп, миңдеп саналат. Журналисттик иликтөө бир эле Матраимовдорго буйрук берилиптир да Азаттыкка. Тынчыбай койдуңар эле, Жараткан өзү ИТ АБИЙИИРИҢЕРДИ ӨЗҮҢӨРГӨ АЧТЫРЫП КОЮП ЖАТАТ. ҮЧ ЖОЛКУ АРАКЕТИҢЕР ТАШ КАПТЫ. УЯТ ЭМИ КЕТИП КАЛГЫЛА ОФИСИҢЕРДИ ЖААП.
Силердин сөзүңөргө ишенип, депутат Жанар Акаев да атайын ИИМге кайрылуу жасады эле.
Мыйзамдан чыкпагыла деп. Эми эмне болду? Кытмыр, арам иштериңер менен депутат Жанар Акаевди да ЫҢГАЙСЫЗ АКЫБАЛГА КАЛТЫРЫП, жер карата турган болдуңар.

Ыдырыс Ысаков азаматым! Кой, сен кашыктап чогулткан абийириңди челектеп төгүп алдың.
Уят иним, буйрук берген жетекчилериңе рахматыңды айтып, тынч тирилигиңди кылбасаң болбой калыптырсың. Мыйзам баарына бирдей. Журналисттик этика деген бар. Жеке менчиктин кол тийбестиги, жеке адамдын абийирине шек келтирүү, адам укугу ж.б. жоопкерчиликтерди ойлоп, анан бирөөнүн атын аташ керек. Жумакадыр Ысакович 15-20 жылга жакын убакыт мурун Ош шаарында мэр болгон. Жооп бергин деп, ал кишини да кордойсуң. Уят, ойлонгун. Өзүңдү өзүң балчыкка салба. Бир курсак тоёт. Таза ишиңди жасап жүрсөң да.

Эки күндөн бери соцтармактардан, ютубдан таратып жаткан маалыматтарыңдын баарын төмөнкү аудио сүйлөшүүң менен коомчулука Кудайдын кудурети менен жакшы түшүндүрүп бериптирсиң. Өзүңө өзүң баа бериптирсиң. Аныктама өзүнөн өзү келип чыгыптыр. ЧООҢ САЯСАТ деп кагылышта чымын өлөт болбой, колдон келген ишти кылсаңар жакшы болмок.

Эки күндөн бери болуп жаткандарды көрүп, окуп олтуруп, КАЛЫСТЫК ПИКИРИМДИ БИЛДИРИП КОЮНУ ТУУРА КӨРДҮМ. Менимче коомчулук, Кыргыз журналисттери
АЗАТТЫКТЫН БЫЛЫКТЫГЫН, Матраимовдорго карата Азаттыктын, кимдир бирөөнүн буйругу менен УЮШТУРУЛГАН ШАНТАЖ экендигин аңдап, түшүнүштү болуш керек.

Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-спикер, коомдук жана саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти

Булак: NazarNews.kg

Последние новости