www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда өткөн аптада тагыраагы 8-марттагы түстүүлөрдүн жүрүшү социалдык тармакта каттуу талкууну жаратып ал тургай Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов дагы сын-пикирге кабылды.
8-марттагы жүрүшкө катышкан мурдагы депутат Равшан Жээнбеков өзүнүн социалдык баракчасына:
--Гейлерди сындагандай, контролдогондой баш аягы: - 2 млрд сомго жакын салык төлөөчүлөрдүн акчасына каржыланган президентиңерди, -130 млрд бюджетиңерди башкарган өкмөтүңөрдү, -80% элибиз ишенбеген сотуңарды, - Кумтөр, Русгидро, ТЭЦти мыйзамдаштырган парламентиңерди контролдоп, сындасаңар, каршылык көрсөтсөңөр, эбак эле эффективдүү өкмөт, адилеттүү сот, эгемендүү парламент, өнүккөн экономика курмаксыңар!, -деп жазып чыкты.
Равшан мырзанын жогорку пикирине мурдагы депутат Надира Нарматова жакасын кармады.
--Ой бооой, Равшан Бабурбекович Жээнбеков иним! Төмөнкү сөздөр чын эле өзүңдүкүбү? Же Кыргызстандын жарандыгын тапшырып бергенсиңби? Кыргыз мамлекетин сырттан карап, баа берип турган чет мамлекеттин жаранынын сөзү го. Сен айткандын баары бир тең, кечээги силер жасаган ГЕЙлердин,Курманжан Датканы тебелеген жүрүшүңөр бир тең болуп жатканын ойлобой жатат окшойсуң. Таптакыр теңирден тескери кеттиңго иним. Эмне анчалык 380 градуска өзгөрдүң. Кыргыз саясатчысынын, кечээки эл өкүлүнүн, Өкмөт башчы, Президент болсом деп кыялданып, максат кылып, сын айтып жүргөн кыргыз мырзасынын сөзү ушундай болобу? Кандай түшүнсөк болот? Окуп алып сөз таппай калдым, деп билдирди мурдагы депутат Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg