www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Көптөр Масадыковдун маектеги айткан сөздөрүн кубаттап олтурат. Ооба, анын айтканы чындык. Бирок ал киши азыр Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, өлкөдөгү эң жогорку кызматтардын биринде олтурат. Президентке түз баш ийет. Кызматтык этика нормалары менен караганда, Масадыков этикадан чыгып кетти. Өзүнүн кандай кызматта олтурганын элес албагандай түр көрсөттү. Тышкы саясат, коңшулар менен алакада натыйжа жок деп президенттин азыркы саясатын нөлгө чыгарды. Кадр саясатын дагы талкалап салды. Бул бизде бийлик дагы деле жок дегенди билдирет. Дмитрий Медведев дагы азыр Масадыковдой Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары. Ал эч качан Путиндин саясатын ачык сындабайт, кеңеш дагы айтпайт. Себеби, кызматтык этика ошондой. Баардык чечимдер макулдашуу менен гана кабыл алынышы керек. Масадыков азыр расмий бийликтин өкүлү, катардагы саясатчы эмес. Бул жагынан алганда чоң катачылык кетти", - деп белгиледи Асанбаев.
Эске сала кетсек, буга чейин жаңы кызматка дайындалган Таалатбек Масадык жергиликтүү ММКнын бирине берген маеги коомчулук арасында талкууга алынган.
Булак: NazarNews.kg