www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Крым орустун жери эмес, ошондой эле хахолдордун да жери эмес. Крым хандыгында түрк уруусунан татарлар жашашып, Осман империясына кирген. “Исконно русский” жер болбогондуктан СССР башында турган Никита Хрущев 1954- жылы Украинанын Орусияга кошулушунун 300 жылдыгына Киевге “падарить” этип койгон. Донбасс, Луганск жакта орус, хахолдор аралашып жашашкан Ленин декрети менен Украинага берген. 2014-жылы Орусия Крымды алат. Андан соң дүйнөнү алаксытыш үчүн Донбасс менен Луганск бөлүнүп эч ким тааныбаган элдик республикаларды түзгөн. 2019-жылы Атамбаев деле Кой-Таш айылын Кой-Таш Элдик республикасына айланткан. Украинанын президенти Зеленский Орусиянын паспортун алышкан Донбасс менен Луганскиден “улуу орустарды” Орусияга кете бергиле дегендей ишараат кылды.
Байыркы замандарда славян деген калк жашаган. Андан чыгыш славяндар бөлүнүп, Кыргыздар Шиберде Улуу Кыргыз Дөөлөтүн түзүп жатканда булар Киев княздыгына баш кошо баштаган. Чыңгызхандын уулу Жоочу Еваропага аттанып орус мейкиндигин каптап киргенде, негизги тукумун Украина тарапка таштаса керек, украиналыктар Жоочу хандын колу менен бирге келген түрк тилинде көбүрөөк «майдан» сыяктуу сөздөрдү сиңирип калган. Поляк бийлигине каршы украин элинин боштондук согушунун жетекчиси Хмельницкий деген болгон. Хмельницкий казактардын колдоосуна ээ болуп, 1648-жылы январда поляктарга каршы көтөрүлүш баштаган. Сечтен поляк гарнизонун кууп чыгып, ал Крым ханы менен мамиле түзгөн. Бардык украин элинин колдоосу менен казактардын көтөрүлүшү ири масштабдагы боштондук согушка айланып, тарыхта «хмельнитчиндер» деп аталып калган. Согуш мезгилинде Хмельницкий өзүн украин мамлекеттүүлүгүнүн уюштуруучусу, дипломат жана көрүнүктүү аскер ишмери катары көрсөткөн. Хмельницкий поляк аскерлерине каршы күрөштө бир топ жеңиштерге жеткен. Иш жүзүндө Украина көз карандысыз мамлекетке айланып, бирок үч күчтүү державанын Речь Посполита, Орусия жана Осман империясынын ортосунда калган. Поляктар көтөрүлүштү басуу үчүн көптөгөн аракеттерди жасап, күч топтой баштаган. Поляктардын үстүнөн болгон жеңишти аягына чейин жеткирүү үчүн сырткы күчтөрдүн колдоосу керек болгон. Казактар Речь Посполита менен күрөшүүдө крым татарларынан жардам сураган, бирок алар ошол мезгилде ишенимсиз болгондуктан, Хмельницкий Орусияга кайрылган. Орус падышасы Украинаны Орусияга кошуу шарты менен жардам берүүгө макулдугун берген. Хмельницкий Украинаны кабыл алуу жөнүндө суранып, орус падышасы Алексей Михайловичке кат жолдогон. 1654-жылы 8-январда элдик рада Украинанын Орусияга кошулганын жарыялаган. Ушунун үч жүз жылдык мааракесинде КПСС БКнын биринчи секретары Никита Сергеевич Хрущев 1954-жыл Крымды Украинага белекке берген. 2014-жылы Крым Орусияга кайткан, ошондон бери орус-украин согушу тынчыбай келатат.
2014-жылы Орусия Крымды алып, Донбасска жардам бере баштаган соң бул жер тынчыган жок. Украинанын Башкы штабы Донбасста орусиялык ондогон көзгө атарлар иштеп жатканын айтты. Москва өзүнүн аскер кызматкерлеринин бул жаңжалга катыштыгы жок экенин билдирип, айыптоолорду кескин четке кагууда.
Украиналык басылмалар Донбасстагы жарашуу келишими мурун эле бузулганы тууралуу жазып келишкен. Акыркы күндөрү аймакта ок атышуу күчөдү. Дээрлик күн сайын ок атылганы айтылууда. Абада дрондор пайда болуп, көзгө атарлар тынымсыз ок чыгарууда деди украин тарап. Киев жана өздөрүн республика жарыялап алган Донбасстагы Луганск жана Донецк бири-бирин чагымчылдык үчүн айыптап жатышат.
Кээ бир маалымат булактары "Донбасста 10-12 кишиден турган орусиялык дасыккан көзгө атарлар" иштеп жатканын билдирген. Москва болсо Украина чыгышындагы жаңжалга тиешеси жок экенин айтып, айыптоолорду жанына жуутпай келүүдө. Жарашуу тууралуу келишимге жеткен 2020-жылдын июлунан бери көптөгөн украин аскери окко учкан. Анын көбү ушул жылдын башынан берки айларда эле каза тапты. Ондогондору ар кандай жаракат алган. Ал эми өзүн республика жарыялап алган аймактагы жоготуулар тууралуу маалымат жок.
Өздөрүн "республика" жарыялап алып, Киевге куралдуу каршылык көрсөтүп жаткандар жарашуу келишимин бузду деп борбордук өкмөттү айыптап жатат. Чабуулга чабуул менен гана жооп берип жатабыз дейт алар. Донбасс Киев толук масштабдуу чабуул даярдап жатат деп кооптонууда. Жергиликтүү басылмалар украин аскер техникалары бир жерден экинчи жерге жылып жаткан кадрларды мунун далили катары жазууда.
Орусияда болсо айрым ЖМКлар Донбасстагы "жаңы согуш" тууралуу февралда эле сөз кыла башташты. Өзгөчө орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукка Киев санкция салгандан кийин бул тема күчөдү. Күзүндө Донбасста жаңы жаңжал тутанганы жатат деп орусиялык расмий ЖМКлар кабарлай баштады. Акыркы апталарда өткөн жылы жарыяланган жарашуу келишими чоң суроо болуп калды окшойт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg