www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабад милициясы жаңы туулган баласын таштандыга ыргытып жиберген студент кызды кармады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, окуя 22-июлда болгон. Шектүү Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу институтунун студенти. Ашхабаддагы “Гаудан А” районунун тургундары таштанды челегинен жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн табышкан. Бул райондо аталган институттун жатаканасы жайгашкан.

Милиция иликтөө учурунда шектүүнүн студент экенин аныктаган.

Кошумчалай кетсек, Түркмөнстанда бойдон алдырууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости