www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин жашоочуларын тейлөө максатында Кытайдан жаңы автобустарды алып келгени үчүн кордук көргөндөрдүн бири Түлеев. Атамбаевдин бийлиги учурунда камактын ачуусун таткан. Тагдырдын жазмышы ушундай 2019-жылы Атамбаев экөө бир учакта Москвага бирге учуп «стакандашса», эми бумеранг болуп, аны камаган Атамбаев камакта. Учурда үч соттун тең – борбордун Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку сот тарабынан экс-мэр Нариман Түлеевге чыгарылган өкүмдөрү жокко чыгарылды. Ал 2012-жылдан бери акыйкаттык үчүн күрөшүп, бардык сыноолорду башынан өткөрүп, темир тор артында отурду, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болду. Ал атасынан жана апасынан айрылды, 2020-жылы дагы COVIDден агасын жоготту, анын ден-соолугу ушул жылдарда начарлап кетти… Анан ал ар дайым адилеттүүлүккө мыйзамдуу жол менен жетем деп айткан. Күнөөсүз жигиттер үй-бүлөсүнөн алыс, темир тор артында жатып калбасын деп, Жогорку Соттун чечиминен кийин, ага жазылган зыянды толтурду, бирок ошондо дагы ал өз күнөөсүн мойнуна албаганын айткан. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин, ал күрөштү токтоткон жок, ал сотко кайрылып, күнөөсүз экенин далилдеди, акыры, тарыхый күн келди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын изилдеп чыгып, үч инстанциянын – Ленин, шаардык жана Жогорку сотторунун айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган жана аларды жаңы кароого жиберген. Атамбаевдин кол алдындагылары тиккен иш тизеге кулап түштү! Ушул жылдар аралыгында ал акыйкаттыкка жетем жана ар-намысымды калыбына келтирем деген үмүттү жылуу сөздөр менен колдоп келишкен бардыгына терең ыраазычылыгын билдирген Түлеев күрөшкө аттанды. Борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аттанды. Түлеев шайлоодо жеңишке жетсе, шаардын көйгөйлөрүн чечүүнү өз моюнуна аларын белгиледи.

Нариман Түлеев 2008-жылы президент Курманбек Бакиевдин убагында өзүнүн белгилүү көз караштары менен мэр болуп келген. Бир жарым жыл ичинде бийлик менен биригип, көп нерсеге жетише алды. Бирок шаарды сапаттуу өнүктүрүү маселесин жада калса чексиз бюджет болгон күндө да бир жарым жылда чечүүгө мүмкүн эмес эле. Бишкектин бюджети өтө жупуну эле. Ал белгилүү ийгиликтерге жете алды, анткени анда иштөөгө, системаны өзгөртүүгө болгон каалоо бар эле. Буга шаардыктар күбө. Нариман Түлеевде ал каалоо азыр дагы бар. Шаардык кеңештин шайлоосуна эски, жаңы партиялардын баары катышууда. Чындыгында, бүгүнкү күнгө чейин катышып келген партиялардын депутаттары акыркы 10 жыл ичинде айтаарлык эмне кылышканы эсиңиздерде барбы? Жаңы күч эсептелген Нариман Түлеевдин «Ак бата» партиясы шайлоодон утуп келсе, шаардыктардын коопсуздугу биринчи кезекте көзөмөлгө алынат. Шаардын өсүп-өнүгүүсүнө бардык күч жумшалып, күнү-түнү менен эл үчүн эмгектенүүнү көздөп турат. Ошондо биздин шаарыбызга жаңылануу киргенин сезилери бышык. Чындыгында, борбор шаарыбыз чоң айылдарга окшоп калды. Бизге Нариман Түлеевдей болгон патриот жарандарыбыздын келгени дурус.

Ал 2008-жылы Бишкекке мэр болуп келгенде бир топ ийгиликтерге жетишти, бирок борборду сапаттуу өнүктүрүү маселеси кыска мөөнөттө көп бюджет болсо да чечилбейт. Ошентсе да, мугалимдер, дарыгерлер жана маданият кызматкерлери үчүн турак жайларды курууга жер тилкелерин бөлүп берүү үчүн муниципалитет көп аракет жасаган. Эми шаардык кеңешке келсе, бул маселени көтөрүп, баштаган иштерин улантат. Бул программа улантылышы керек. 2010-жылы борбор калаада жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90го жакын ардагери Чыгыш-5 кичи районундагы муниципалдык имараттан батир алышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости