www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Торугарт" бекетине караганда "Эркечтамдан" өткөн жүк көбөйүп кетти. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 12-мартта кабарлады.  

"2014-2015-жылдары "Торугарт" бекетине караганда "Эркечтамдан" өткөн жүк көбөйүп кетти. Себеби, бул постторго Өзбекстандын, Тажикстандын жана Ооганстандын да жүктөрү келе баштаган. Күнүгө 150-200гө жакын машине өтчү. Мурда импорт жана экспорт деген эле түшүнүк бар болчу. Кийин жүк ташуучулар менен жүктүн ээлери транзитти билип алып ушул ыкманы колдонушту. Мисалы, Кара-Сууга келе жаткан жүктүн баарын Дүйшөмбү шаарына алып кетишчү. Негизи жүк Кара-Сууга келет. Бирок транзит болгондуктан бажы алымы алынчу эмес. Ошондуктан салык да төлөнбөйт", - дейт Шабданалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости