www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина илимдеринин кандидаты, Нарын мамлекеттик университетинин юриспруденция кафедрасынын доценти, Кыргыз ССРинин саламаттыкты сактоо отличниги Дамира Шүкүрова (Абдыкадырова) каза болду. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Дамира Шүкүрова (Абдыкадырова) - тилчи-окумуштуу, лексикограф Жапар Шүкүровдун кызы.

1941-жылы 6-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетин аяктаган.

1965-1968 - Нарын шаарында участкалык дарыгер;

1969-1970 - Нарын шаардык балдар бакчасынын педиатры;

1970-1971 - Нарын медициналык окуу жайынын практика бөлүмүнүн башчысы;

1971-1973 - Нарын облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы педиатры;

1973-1978 - Нарын медициналык окуу жайынын башкы мугалими;

1978-1986 - Нарын медициналык окуу жайынын директору;

1986-1991 - Нарын облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери;

1991-1997 - Нарын облустук балдар ооруканасынын башкы диетологу;

1997-жылдан баштап Нарын облусундагы Кыргыз-Түрк лицейинин дарыгери болгон.

Ошондой эле, ал эл аралык аялдар кыймылынын аймактык өкүлү, Нарын облусунун Медициналык-маалыматтык балдар борборунун башчысы, Нарын облустук кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости