www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков иш сапары менен Нарын облусуна барып, Нарын-Баетов автожолунун 5-120-чакырымы жана Баетов-Макмал унаа жолунун 0-30 чакырым аралыгындагы иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Аталган тилкеде жүргүзүлө турган курулуш иштеринин алкагында карьерлерди иштетүү жана тиешелүү участоктор боюнча даярдык иштери башталды.
Долбоорго ылайык, курулуш материалдарын камсыздоо максатында карьерлерди иштетүүгө камылга жүрүп жатат. Бул багытта подрядчы уюмдар “China Railway №5”, “Венчин” компаниясы жана №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан тиешелүү уюштуруучулук жана техникалык чаралар көрүлүп, ар бир участок боюнча иш пландары такталды.
Учурда объектте топографиялык изилдөөлөр (топосьёмка) жана башка даярдык иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Иш сапардын жүрүшүндө У.Жанибеков курулуш процессин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткаруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүшүн белгилеп, подрядчы уюмдарга жана тиешелүү кызматтарга иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча так тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, бардык иштер бекитилген долбоордук документтердин негизинде жүргүзүлүп, сапатка туруктуу көзөмөл камсыздалышы шарт экенин белгиледи.