www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Нарын» бажысынын кызматкерлери Кытайдан Кыргызстанга алып келинген жүктүн арасынан тиешелүү тартипте декларацияланбаган 56 түрдөгү товарды аныктады.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 3–5-августунда Кытайдан «Б.Х.Г.» ЖЧКсынын дарегине эки оор жүк ташуучу унаа менен металл конструкциялар жана болот түтүктөр алып келинген.

Документтерде металл конструкциялардын жалпы салмагы 9 440 кг, болот түтүктөрдүн салмагы 37 100 кг деп көрсөтүлгөн.

Бажылык көзөмөл учурунда жүктүн арасынан белгиленген тартипте декларацияланбаган 56 түрдөгү товар аныкталган.

Аталган товарларды ички керектөө үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 3 млн 824 миң 250 сом 64 тыйынды түзгөн.

Факт боюнча материалдар катталып, укуктук баа берүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө өндүрүлгөн.

Последние новости