www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда бугу-маралдарга кыш мезгилине карата тоют даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жумуштар Кара-Таш токой бөлүгүндө кол ыкмасы менен аткарылып жатат.

Маалыматка ылайык, тоютту кол менен даярдоо анын сапатын жогорулатып, натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөт. Жалпысынан тоют даярдоо иштерине 10го жакын адам тартылган.

Белгилей кетсек, коруктун аймагында сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган.

Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа сыяктуу жаныбарлар, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, шумкар, кичи бүркүт, чоң үкү, орок тумшук чулдук жана башка сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт.

Мындан тышкары, коруктун аймагында өсүмдүктөрдүн 500дөн ашык түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры, көкөмерен сыяктуу баалуу дары өсүмдүктөрү бар.

Последние новости