www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 31-июлдан 6-августка чейин 28 753 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Алардын ичинен 4 502си тиешелүү документтери жок унаа башкарууга, 415и мас абалында унаа айдоого, 1 567си ылдамдыкты жогорулатууга байланыштуу болгон. Ошондой эле 207 унаанын терезеси мыйзамсыз караңгылатылганы, 841 жол эрежесин жөө жүргүнчүлөр катышкан учурда бузуу фактысы аныкталган.

Мындан тышкары, автоээнбаштыктын 33, жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруунун 8 фактысы катталган. Башка жол эрежелерин бузуу боюнча 13 357 факт аныкталган.

Эреже бузгандыгы үчүн 3 241 транспорт каражаты убактылуу токтотуучу атайын жайларга киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.

Последние новости