www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кабыл алуу өнөктүгүнүн бешинчи (акыркы) туру башталды. «Абитуриент online» автоматташтырылган маалымат тутумунун маалыматы боюнча, абитуриенттерди каттоо 12-август саат 14:00гө чейин уланат.

Жайкы кабыл алуунун төрт турунун жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерден жалпысынан 75,3 миң электрондук талон катталган. ЖОЖдор 50,9 миң абитуриентти окууга кабыл алууга сунушташкан.

Жалпысынан алар 66 миңге жакын студентти, анын ичинде 9,5 миңин гранттык (бюджеттик) орундарга, 56 миңден ашыгын келишимдик (контракттык) негизде кабыл алууну пландаштырууда.

Кабыл алынгандардын саны боюнча алдыңкы тармактар: педагогикалык жана гуманитардык адистиктер, экономика жана финансы, медицина, маалымат технологилары (IT), ошондой эле юриспруденция.

Колледждерде дагы бүгүн кабыл алуу өнөктүгүнүн акыркы туру старт алды. Абитуриенттер үчүн босого балл төмөндөтүлдү.

Последние новости