www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-июнда Нарын шаарындагы As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы" XIII эл аралык фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалым болгондой, фестивалга Япониянын, Өзбекстандын, Казакстандын элчиликтеринен, КР Маданият министрлигинен, КРнын соода-өнөр-жай палатасынан, Ага Хан өнүктүрүү уюмунан жана башка эл аралык уюмдардан өкүлдөр, республикабыздын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер катышууда.

"Фестивалдын алкагында "Кыргыз шырдак", "Мурас шырдак" кароо-сынактары, "Жаш уздарды тандоо" сынагы, "Устат-шакирт" чебер-класстары өткөрүлүүдө. Мындан сырткары улуттук тамак-аш, буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук оюндардын үлгүлөрү, чоң программадагы майрамдык концерт көрсөтүлүүдө. Ошондой эле туристтер үчүн Салкын-Төр аймагына экскурсия уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, фестивалга 70тен ашык кол өнөрчү катышып, 300дөн ашык шырдак коюлган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости