www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты К.у.Б.ны кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкү фактылар аныкталды:
- К.у.Б. тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, тергелип жаткан кылмыш ишине катышып жаткан КР жараны П.З.К.дан 180 миң сом алынган;
- бул кылмышты жасоого тиешеси жок жаран Т.О.Т.нын банктык эсебинен 181 миң 409 сом мыйзамсыз түрдө алуу;
- сот органдарынын чечимдерин кыйгап өтүп, жабырлануучулар М.у.У., Т.М.Т.,Т.к.Ж., (ар бири 120 миң сомдон) көрсөтүлгөн акча каражаттарын (жалпы суммасы 361 миң 409 сом) келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары бөлүштүрүүдө мыйзамсыз аракеттерге жол берүү;
- тараптарды элдештирүүнүн жасалма протоколун түзүү жолу менен жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгаруу.
К.у.Б., П.З.К.нын телефон алдамчылардын манипуляцияларына дуушар болгон жагдайларын эске албай, натыйжасында эсебине жогоруда аталган жабырлануучулардын 600 миң сом (ар биринен 200 миң сомдон) акча каражаты келип түшкөн, бул анын айыпталуучу катары тартылышына шарт түзгөн.
Ошол эле учурда К.у.Б. аттуу жаран Т.О.Т.нын банктык эсебиндеги 181 409 сом акча каражатын алып коюуп, аталган сумма анын атынан телефон аркылуу шылуундар аракет кылган П.З.К.га «Binans» санариптик валюталарын сатуу үчүн түшкөнүн эске алышкан эмес.
К.у.Б.нын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында Т.О.Т.го 181 409 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген, ошондой эле жабыр тарткан М.у.У., Т. М.Т. жана Т.к.Ж. ар бирине 80 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарынын калган бөлүгүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Кармалган К.у.Б. аттуу жаран Ат-Башы РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.