www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын областтык капиталдык курулуш башкармалыгы деген бар. Ал жерде учурда жетекчи өз ордунда иштеп жатат. Бирок, баякы эски адат оорусу кармап, так ошол орунга ошол эле жерде иштеген Алмаз Мамыров деген жигитти кайнагасы кадимки Алмаз Батырбеков деген депутат кызылдай эле түртүп, жетекчи кылгысы келүүдө.
Депуттаттардын милдетине качантан бери бирөөлөрдү, болгондо да тууган, күйөө бала, жек жаатты кызматка орноштуруу милдети кирип калган? же депутат болсоле баарын чече берсе болобу?
Баса жетекчи болгусу келген Мамыров да Ат-Башынын кулуну. Мындан улам бүтүндөй Нарын облусун Батырбеков жана анын туугандары тейлейби? Баса, таң калыштуусу Нарын губернатору Аманбай Кайыпов да Батырбековдун айдоосунда окшойт. Дегеним, үжө Кайыпов алиги Батырбековдун күйөө баласы Алмаз Мамыровго "представление" да берип жиберүүгө үлгүрүптүр. Ошондо ордунда отурган жетекчини айдап жиберип, туугандарды кызматка коюу мыйзамга жана абийирге сыябы?
Буга президент Сооронбай Жээнбеков, жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Бакыт Абдиев, Алмаз Батырбеков өзү кандай жооп узатат? Кызыгы кайнагасынын парманы менен кызматка келген жетекчи ким үчүн иштейт? Бул чоң суроо?
Булак: NazarNews.kg