www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ишеним» партиясы нарындыктардын ишенимине толбоптур, ошол үчүн бул партияны шайлоого өткөзбөш үчүн тиешелүү «Ишеним» партиясынын «баткактарын» чогултуп, БШКга өткөзгөнү жатат. Деги «Ишеним» партиясынын таянганы ким?

Көрсө, бул партия Баткен облусун өкчөп, «өзү бий, өзү хан» болуп турган экс-депутат Бурканов Арзыбектин арзуусуна татыган партия экен. Буурадай буркулдап турган Бурканов азыркы бийликти жаманатты кылып, түз эле административдик ресурс менен шайлоодон «Ишеним» партиясын өткөзүүгө чамынып турат. Баткенди көп жылдан бери шопурлар тейлеп калгандай.

Атамбаевдин шопуру баткендик Икрам Илмияновдон соң, ушул тапта Баткенди таптап, акактатып турган шопур Маруфжон-ака бүгүн Баткен администрациясын өзү тейлеген экинин бири сыяктуу.

Маруфжон-ака учурунда КамАЗ айдап шопур болгону менен, бул күндө «Ишенимди» ишенимдүү жөлөгөн, майга талкан көөлөгөн, эмитен мен депутатмын деп добулбас кагып турган Мамыржон Рахимовдун жөлөгү менен Баткенди алаканына салып турган «монстр».

Мамыржон Рахимов кайберендин канын касам кылып ичкен Буркановдун антташ досу. Мына, арифметика! Баткенден булар камчы салдырбас, ал эми Нарынданчы? Нарындыктар «Ишеним» партиясын шайлоодон алдырып салуу үчүн аракет кыла баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости