www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы бир учурларга салыштырмалуу КРда интернет ылдамдыгы азыр мурдагыдай эмес, кандайдыр бир өлчөмдө болсо да жайлап калганын интернет колдонуучулар деле байкап жатса керек.

Анысы аз келгенсип, «какаганга муштаган» дегендей кечээ жакында эле түптөлгөн жаңы министирлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармакты жерип, өзү да жардамчысын кошуп аккаунтун өчүрүп, мамлекеттик башка кызматкерлерди да социалдык тармактардан чыгып кетүүгө үндөп жатат. Барынан да Байсалов «ал жерде бекерпоздор отурат, биз алардын айткан-жазгандарына маани бере бергенге убакыт жок» деген таризде сүйлөдү.

Азыркы президент С.Жапаров өз сөзүндө - анын бийликке келишине так ушу социалдык түйүндөр чоң колдоо болгонун ачык эле айткан жайы бар. Интернет демекчи, Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев Ташкен шаарында шайлоочулар менен болгон жолугушууда социалдык тармактын коомчулук арасында өзгөчө ролу бар экенин айтып өтүп, жакындан тарта Өзбекстандын бардык тоолуу аймактарында дагы интернет ылдамдыгы 5 эсе жогорулаарын, ошондой эле, санариптик байланыштардын 3 эсеге көбөйөөрүн кошумчалап кетти.

Бул туурасында Өзбекстан либерал-демократиялык партиясынын пресс-кызматы өздөрүнүн расмий Telegram-каналында билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости