www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Граф» деген каймана аты бар «вор в законе» Алижан Ибрагимов жакында бул дүйнөдөн аттанды. Ыйманы саламатта болсун, бирок эмнегедир Көтани Нарынга губернатор болгон кезде криминалдык дүйнөнүн «сходкасын» Орусия менен Кыргызстандын толгон жеринен Нарынга кылмышкерлердин баарын топтоп, боз үй тиктирип «сходка» өткөзгөнү кызык. Учурда Баткен чуулуу жер, анткени Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чек арабыз толугу менен тактала элек. Акаевдин заманында Тажикстанга ал кездеги губернатор Аскар Шадиев көптөгөн гектар жер берсе, жакында Төрт-Гүл суу сактагычынын төбөсү Тажикстанга өтүп кеткени тууралуу сөз тарады. Кудай эми сактасын, жаңы губернаторлук орунду алган Көтани канчалаган жер ал жакка жылдыраар экен. Эгер мурунку берилген жерлерди кайрып алса, анда Көтани аты өчүп, Каттаниге айланар. Ал  өз атын өзү «Каттани» деп коюп алганы менен, Атамбаев келиштире «Көтани» деп коюп койгон. «Көтани» ызы-чууну, башаламандыкты сүйөт, өмүр баянын карасак, 2006-жылы 2-ноябрда «Реформа үчүн» кыймылы менен тополоң баштаган, бирок бийлик Ички иштер министрин берип койсо, кошо жүргөндөрдү «кидать» этип, кайра аларга каршы чыккан. Министрге жарабай парламенттен өтпөй калды эле, өзүнө окшогон экс-премьер-министр Феликс Кулов менен аркалыктарга акча таратып, трайбалисттик маанай менен биригип «Бириккен, фронт» деген генералдардын кыймылын түзүп, чаң тополоңду баштаган.

Элди козгой башташканы менен, көпчүлүк ээрчибей Аташка аларды «Эт комбинатка койлорду баштап бараткан текелерге салыштырып, булар өлүмгө жакындаганда секирип кетип, койлор ажалга кете берет» - деп,  кончторун бир өтүккө тыгып салар менен Кулов да, «Көтани» да бийликке чөгөлөп барышып, кызмат алышкан. Кызыгы, элдин баарын акча менен козгоп коюшуп өздөрү бийлик менен соодалашып «Көтани» Нарын облусунун губернаторун алып, бүткүл союздук «мыйзамдагы уурулардын» (вор в законе) «сходкасын» Нарында өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бул «сходкага» ворлордун баары чогулушуп Нарында чалчакташкан. Ал эми чын дили менен бийликте өзгөрүүлөр болот деп жаштардын «Канжар» уюму менен буларды ээрчиген «Көтанинин» жердеши Адилет Айтикеевге жок жерден ушул иштер боюнча кылмыш иши козголуп, артынан желдеттер түшүп алган. Ал Алматыда жашырынып жүрүп, кийин бийлик алмашкан соң, кийинки бийлик менен кармашып АКШга кире качкан, ошол бойдон дымып калды.

Ызы-чууну сүйгөн «Көтани» болсо дымыган жок, 2013-жылы ККК (Кийикти Кыруу Кыймылы) түзүп, кайрадан чаң тополоң баштаган, эл колдобой коюп, оозуна талкан тыккансып отуруп калган, акыркы мезгилде «Көтани» көчүгүн былкылдата баштады. Эми Баткенге губернатор болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости