www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечен күч түзүм кызматкерлери 2017-жылы соттон тышкаркы өлүм жазасын ишке ашыруу алдында кармалган бир нече жаранды “Ислам мамлекети” террордук тобуна кирүүгө ант бердирип, андан соң андан баш тарттырышкан. Бул тууралуу "Новая газета" басылмасынын жаңы иликтөөсүндө айтылат.

2017-жылы апрелде "Новая газета" гезити Тергөө комитетине Чеченстанда өлтүрүлгөн 30 кишинин тизмесин берген.

"Новая газета" басылмасы 2017-жылы 26-январга караган түнү алардын 27си өлтүрүлгөнүн: экөө атууга кеткенин, калгандары думуктурулганын ошол эле жылы жайында кабарлаган. Басылма алар 2016-2017-жылы полициячыларга кол салгандан кийин кармалганын баса белгилеген.

Тизмедеги дагы үч киши ЛГТБ-коомчулугуна каршы жапырт компаниядан кийин кармалып, катуу кыйноого кабылганы айтылган.

2018-жылы мартта Тергөө комитети “Новая газетанын” билдирүүсү боюнча кылмыш ишин козгоодон толугу менен баш тарткан.

Жакында басылманын колуна чечен ИИМинин кызматтык документи тийген. Ал жерде 160тан ашуун кишинин сүрөттөрү жана жеке маалыматтары камтылган. Басылма документтен өз тизмесиндеги 26 кишини тапкан.

2016-жылы 20-декабрда “Ислам мамлекети” террордук тобу Грозныйдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Топтун сайтында 11 чечен террорчулардын лидери Абу Бакр аль-Багдадиге ант берип жаткан учуру тартылган видео жайгаштырылган. Журналисттер “Новая газетанын” тизмесиндеги бул кишилер алгач ант берип, кийин ошол эле кийим менен, ошол эле декорацияда ИМ тобунан баш тартып жатышканын байкашкан. Басылма бул видео өлүм жазасына өкүм кылынган бул кишилерди элге террорчу деп жарыялоо үчүн алдын ала тартылган видео болушу ыктымал деген бүтүмө келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости