www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина кризиси үч башка жол менен аякташы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер жазды. Анын пикиринде, биринчи сценарий боюнча Орусия Донбасстын көпчүлүк бөлүгү болгон өнөр жай жана айыл чарба аймактарын, ошондой эле Кара деңиздин жээгиндеги тилкесин көзөмөлгө алат. Мында Москва жеңди деп эсептелип, НАТО чечүүчү ролду ойнобой калат.
Экинчи вариантта Украина менен НАТО алдыга дүңкүлдөп чыгып Орусияны Крымдан сүрүп чыгаруу аракети болуп, бул нерсе жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.
Үчүнчү сценарий боюнча кырдаал кайрадан 24-февралга чейинки абалына кайтат. Анда тараптар чечим кабыл алуу маселесин кийинкиге жылдырып коюшу ыктымал.
Кытай Украина менен болгон согушта Орусияга жардам берип жатат. Бул тууралуу АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын башчысы Эврил Хейнс Вашингтондо улуттук коопсуздук маселелерин талкуулоонун алкагында өткөн иш-чарада билдирди.
“Кытай, биздин көптөгөн союздаштарыбыз сыяктуу эле, Орусияны ачык сындоодон качуунун жолун издеп жатат жана өтө ыңгайсыз абалда калууда. Ошол эле учурда көшөгө артында Орусияга ар кандай жолдор менен жардам берип жатканын көрүп жатабыз. Бул колдоонун кээде ачыктан-ачык же жашырылганы көрүнүп турат”, - дейт Эврил Хейнс.
Улуттук чалгын кызматынын башчысынын билдирүүсүнө чейин АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын куралдуу күчтөрү менен кызматташкан деп шектелген беш кытайлык компанияга каршы санкцияларды киргизген. Ошол эле учурда АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен коргоо министри Ллойд Остин кытайлык кесиптештерине Бээжин Москвага кандайдыр бир аскердик жардам көрсөтсө, Вашингтон катуу чара көрөрүн ишара кылышты.
Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко постсоветтик өлкөлөр эгемендигин сактап калгысы келсе, белорус-орус союзуна жакындаш керек деп билдирди.
"Бүгүнкү күндө постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрү, албетте, өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калгысы келсе, Союздук мамлекети менен жакындашууга чын жүрөктөн кызыкдар болушу керек. Биз глобалдык чакырыктарды биргелешип гана жеңе аларыбызга ишенебиз", - деди Лукашенко. Бул тууралуу Беларусь жана Орусия региондорунун форумунун пленардык отурумунда көрсөтүлгөн видеокайрылууда айтты.
Анын айтымында, «дагы эле күмөн санагандар түшүнүшү керек: тез арада биримдик жана ынтымак болмоюнча, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоосуз жана жөн гана адамдык мамилелерди бекемдөөсүз эртең биз жок болушубуз мүмкүн».
"Азыркы этапта биздин биримдик (Беларусь менен Орусиянын - ред.) интеграциялык процесстердин жалпы агымында локомотивдин ролун ойноп жатат. Бул маданий жана экономикалык мамлекеттер аралык кызматташуунун үлгүсү", - деди Лукашенко.
Лукашенко Орус –Укроаина жаңжаалында Орусия тарапты колдоп келет. Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg