www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дөөтү пайгамбар отуз уулдуу болот. Жаратканга көп маани бербей жүргөндө, бир күнү отуз уулу бирдей көз жумат. Дөөтү пайгамбар бүк түшүп жатканда жараткандын үнү угулат: «Сага отуз уулдуу кайра берейинби, же отуз уулган тете бир уул берейинби?»-деп. Ошентип, отуз уулга тете Сулайман пайгамбар жарык дүйнөгө келиптир. Бул тууралуу атам дайыма айтар эле,бул Шаменден калган сөзбү, анысын билбейм, арийне, Шамендин Сулайман пайгамбардай эле акылы бар экени белгилүү. Ошондой оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө Шамен кыргыз эли үчүн зор возийпаларды аткарган.
Кылымдар түпкүрүнөн бери бул Теңир-Тоо койнунда Сары Өзөн кең Чүйдүн боорунда , Ашмара, Ак-Суу, Ала-Арча суусунун боюнда нелер болуп, нелер өтпөдү. Шамендин мурунку Воронцовка, азыркы Таш-Дөбө тарапта төрөлгөнү тууралуу атамдан укканмын, ал кезде Куттуксейиттин бир тууганы Ниязбек баатырдын кол алдындагы сарбагыш эли ушул аймактарды мекендептир. Эл ичинде болгон не бир адам таң калтарган окуялар эсте калып, урпактарга мурас, эскерүүлөр жаңыртылып айтылып турбаса көп өткөн окуялар унутта калчудай.Эл ичинде нелер жок. Жакшы менен жаман, кичине менен чоң, оң жана сол, акыл менен түркөйлүк, ый менен күлкү, демек, бири оң, бири терс.Жумурай журт, калдайган калайык текши караңгы, кат сабатсыз замандар өттү. Кат тааныган адам эл ичинде бирден саналган, ооздон түшпөй «молдоке» деп саналган, кыргыз эли Ала-Тоону жердеп, байтүп чынар теректей дүпүйүп обого көкөлөсө, бирде добул ургандай шагы айрылып, бариги күбүлдү.
Сырткы душманга алынын келишинче каршы турушуп, колун курап, алы келбесе канаатташ элден калканч, жардам алып, чачылган элин жыйнап, үзүлгөн учугун улап, элди эл, жерди жер Ата конушту мекен кылып, кылым санап жашап келатат. Канчалаган кандуу тарыхка, катаал тагдарга тушукса да ата салтын, үрп -адатын, тарых санжырасын ооздон –оозго өткөзүп, күнү бүүнкүдөй тактап, кийинки урпагына түгөл жкткирди. Мына ошондой өткөн тарыхтын дагы бир күбөсү болгон Шамен тууралуу баян.
Сары өзөн Чүй, аягы Таласта, башы Кеминде, соорусу ушул ушул кыргыз жергесинин түндүгү Кордай тоосу, түштүгү аскасы асман менен айкалышыфп, ак мөңгү, көк муздары күнгө чагылышкан нур чалган Теңир-Тоо кыркалары менен курчалган, Чүй дарыясы көкүрөгүн жарып аккан чалкыган мейкиндик. Эзелтеден ушул жерди мекендешип, кыргыз эли мээр тапкан. Убагында чытырман токой каптап кышта элге кыштоо , жазда-жаздоо, көктөм, жайкысын - жайлоо, күздө ит агатып, куш салып, аң улашкан. Жатакчы дыйканы дың бузушуп, эгин эгип, кырман түптөптемин бастырышып, оп майдалаган. Теңир-Тоонун мөңгүсүнөн эрип түшкөн өзөндөр жерден кайнап, оргуп чыккан булактар тоо ылдый жарышып өзөн улап, жазда, жайда күпүлдөп кирип таш агызып, доошуна кулак тундуруп, күздө тартылып, жээкке чыккан караган, тал, чычырканак, жылгындын самсалааган бутактарына түнүндө тоңуп, күндүзү күнгө кайра эрип, кышта тоңуп үстүн туман чалып бууланып, Чүйдүн дарыясына келип кошулат.Табияттын марттыгына бөлөнгөн ошондой өрөөндөрдүн бири Ала-Арча.
Мына ушундай жерде даанышмандыктын үрөнүн сепкен Шамен 1815-жылы жарык дүйнөгө келген. Бөлтөктүн күн Чыгыш тарабында гы жапыз тоону эл «Бас Бөлтөк» деп аташат. Эки тоонун ортосун Ала-Арча суусу жарып өтүп, сары өзөн Чүйдүн боорун аралап, төмөнкү Чүй дарыясына кошулат. Эки тоонун ортосу калдайган саз, камышы калың түнт токой. Бөлтөктүн түштүк кежигесинде, этекке түшө берген түзөңдө шар аккан суунун боюнда , токой жээктеп өткөн жалгыз аяк жолдон обочороок айыл Куттуксейиттин айылы болгон. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет» -дейт.
Кеңеш аяк, бул да эл ичиндеги жакшы салт. Эсенкул элинен Эсенкулдун Анар байбичесинин алты уулунун бири Куттуксейиттин көзү өтүп чоң ашына даярдык жүрүп жатты. «Анардын алты уулунун» бири Ниязбектин доору келип, «Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек» болуп, Бердибек, Ормон баш болгон сегиз уулу тең чыгаан баатыр чыгып, Ормондун сөзү бир гана сарбагыштарга өтпөй, бардык аркалык кыргыздарга, анын сөзү өтүп турган учур. Кокон ханы Өмөр хан Ормондун мындай таасирин сезип колдон чыгарбоо үчүн Кокон ханынындагы эң жогорку наам «парваначыны» Ормонго тапшырган. Кыргызда кимдер датка болбоду Медет датка, Алымбек датка, Ажыбек датка, Нүзүп датка, Курманжан датка сыяктуу Кокон ханы аймактарга кадыр-баркы жогору адамдарга «датка» наамын берип, ошол жердеги бийликти колуна кармап келген. Ал эми Ормондун сөзү бүткүл аркалык кыргыздарга өтүп жатпйбы. Ал «датка» наамына ыраазы болмок беле, ошондуктан ага «даткадан» жогору «парваначы» наамын берип колго алды.
Куттуксейит Ормондун аталаш агасы, ошондуктан, ага аш берүү үчүн кеңеш өткөзүп, кеңешүү үчүн ак өргөөлөр көтөрүлүп, мал союлуп, камынып, бул кеңешке Калыгул олуя баш болгон, сарбагыштын мыктылары бүт чогулду. Куттуксейиттин ашын бүт сарбагыш эли тосуп, алыс, жакындан, ар бир аймак, дубандын мыктылары, өзбек, уйгур, казактан куда-сөөк, тааныш-тамырлар чакырылмай болду. Сарбагыштын ар бир элинин тосуп ала турган кубатын эске алып, бул ашты өткөрүү үчүн ар бир сарбагыш насили чамынып, камылгалар башталды. Канча үй тигилип келген конокторго жетишет жана канча конок алынат, булардын бары эсептелди. Кыргыз элинен бүт өкүлдөр чакырылып жана чектеш туугандардан дагы өкүлдөр чакырылып, ат чабыштын байгеси да чектелип коюлду. Куттуксейиттин ашында 25 атка байге белгиленип, биринчи аттын байгесине эле эки жүз кул, күң, сарбагыш элинин бүт жылкысы сайыла турган болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ