www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киевге курал-жарак жөнөтүү жоопкерчилиги Вашингтондон НАТО жетекчилигине өтүүдө.

 Украинага курал-жарак жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн НАТО өлкөлөрү катуу аракет көрүп жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасына таянуу менен Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.

Кабарда НАТО мамлекеттерин Дональд Трамптын президенттик шайлоодогу жеңиши да, Европадагы шайлоодо Киевге жардам берүүгө каршы тараптын ийгиликке жетиши да токтото албай турганы айтылат. Ушул себептен улам Киевге курал-жарак жөнөтүү жоопкерчилиги Вашингтондон НАТО жетекчилигине өтүүдө.

"АКШ мындай аракеттерди колдоодон баш тарткан күндө да Украинага курал-жарак жөнөтүү аракети токтобойт", — деген АКШнын НАТОдогу мурунку өкүлү Иво Даалдер.

Дал ушул максатта Киевге курал-жарак жеткирилишин координациялаган аткаминер жөнөтүлмөкчү. Ал АКШнын эмес, НАТОнун өкүлү болот. Мындан тышкары, АКШ эмес, НАТОнун көзөмөлү алдында Германиянын Висбаден шаарында Киевге аскердик техниканын жөнөтүлүшүн жана жоокерлерди даярдоо иштерин тескеген жаңы командачылык түзүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости