www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси регионалдык жаңжал тутанышы ыктымал экенин эскертти.

 Израиль "Хезболлах" менен чатакташа турган болсо, Иран жана "каршылык огуна" кирген мамлекеттер Ливанды колдойт. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын жогорку лидеринин кеңешчиси Камаль Харрази айтканын Financial Times гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

"Каршылык огу" — Иранды, Сирияны, Ливандын "Хезболлах" кыймылын, Ирактын шииттерин жана йемендик хуситтер кыймылынын башын бириктирген альянс. Максаты — Жакынкы Чыгышта америкалык-израилдик таасирге каршы туруу.

Харразинин айтымында, эгер Израиль "Хезболлахка" каршы ири чабуул баштаса регионалдык чатак тутанышы ыктымал.

"Ливандыктардын баары, араб мамлекеттери жана "каршылык огунун" өлкөлөрү Израилге каршы жаңжалда Ливан тарапта болот. Согуш жалпы регионго жайылып, Иран баштаган башка мамлекеттер да тартылышы мүмкүн. Мындай кырдаалда "Хезболлахты" болгон күчүбүз менен колдоодон башка айлабыз болбойт", — деди Харрази.

Ал Тегеран регионалдык согушка кызыкдар эмес экенин айтып, АКШны абалдын курчушун алдын алуу үчүн Израилди эпке келтирүүгө чакырган.

Буга чейин Politico басылмасы америкалык Чалгын кызматына таянып Израиль менен ХАМАС Газадагы согушту токтотуу боюнча чечимге келбесе Тель-Авив жакынкы айларда "Хезболлах" менен кагылыша турганын жазган.

Израилдин армиясы 18-июнь күнү Ливанга чабуул жасоо үчүн согуштук аракеттердин планы бекитилгенин жар салды. Андан кийин Израиль ТИМинин башчысы Исраэль Кац эгер ири масштабдуу согуш башталып кетсе Ливан катуу жабыр тартып, "Хезболлах" жок болорун айткан. Ал Израиль түндүк фронтто өзгөрүү киргизе турган чечимдер кабыл алынарына аз калганын кошумчалаган болчу.

Өз кезегинде "Хезболлахтын" башкы катчысы Хасан Насрулла эгер конфронтация күчөй турган болсо кыймыл Израилдин түндүгүнө кол салышы мүмкүн экенин эскерткен.

Израиль-Ливан чек арасындагы абал 2023-жылдын октябрында Тель-Авив Газа секторунда согуштук аракеттерди баштагандан кийин оорлошуп кеткен. Израиль армиясы менен Ливандын "Хезболлах" кыймылынын жоокерлери күн сайын бири-бирин көздөй ок чыгарып келет. Ливан ТИМинин маалыматы боюнча, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө 100 миңдей киши жер которуп кетти. Израиль түндүгүндө 80 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун кабарлаган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости