www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Заводду капиталдык ремонттон өткөрүү Чүй облусунда бензин, дизель жана суюлтулган газ өндүрүүнү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Жунда" компаниясынын "Чайна петрол" мунай иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык макулдашууга бүгүн, 2-июлда, Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин (УИА) директору Талантбек Иманов менен "Борбор Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧК башкармалыгынын төрагасы Хуан Цян кол койду.

Улуттук инвестиция агенттиги билдиргендей, ишке салынган каражаттын жалпы суммасы 160 миллион доллардан ашат.

"Инвестициялык макулдашуу Чүй облусунда бензин, дизелдик отун жана суюлтулган газ өндүрүү боюнча мунай иштетүүчү заводдорду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Долбоорду ишке ашыруу нефтини кайра иштетүүчү заводдун техникалык абалын бир топ жакшыртып, анын өндүрүмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөрү белгиленген. Ошондой эле "Жунда" бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналары кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости