www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрага орун басары Самат Абишке карата сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Абиш Январь окуясы маалында "кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган" деп айыпталууда.

Көзөмөл органдын билдирүүсүндө тергөөнүн жыйынтыгында мыйзамдуу процессуалдык чечим кабыл алынары жазылган. Ошол эле маалда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иш боюнча башка маалымат берилбей турганы белгиленген.

18-сентябрда Январь окуясы боюнча айыпталып жаткан УККнын Бешинчи департаментинин мурдагы башчысы Руслан Искаков ал учурда ага буйруктарды Самат Абиш берип турганын билдирген. "Менин көрсөтмөлөрүмдү жашыруун кылып коюшту. Алар Самат Абиштин бул иштеги ролун жашыруу үчүн ушундай кылышты. Менин Абиштин буйруктарын аткарганымды айтуума тыюу салганга аракет кылып жатышат", – деген Искаков сот отурумунда.

Самат Абиш Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал быйыл Январь окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Башкы прокуратура 2022-жылы июнда Абиш тергөөнүн назарында экенин билдирген. Ошол эле жылы июлдун аягында ал "Карим Масимовдун жана башка айыпталуучулардын" иши боюнча "күбө катары" сурак бергени кабарланган.

Ulysmedia.kz басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, Самат Абиш азыр Алматы шаарында жана тергөөгө "өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтарууга жардам берүүдө".

КазТАГ агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме кылып, Абиш Казакстанда экенин, ага карата белгилүү бир аймактан чыкпоо бөгөт чарасы белгиленгенин жазды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости