www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик чыгынып биттей быжырап бараткан диплому жок же жасалма дипломдууларды так кекиртектен алган. Депутаттык мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжановдун, Фархат Исмаиловдун мандаты тууралуу кеп жүрүп жатат. Учурда бийликтин «жармасын» ичкен депутаттар жасалма диплому барбы же жасалма аттестаты барбы кеп болбой калды. Диплом дегенде эле азыркыбы же мурункубу министрлер эске түшөт. Диплому жасалма экени айтылып мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун парламентте жүргөнү сынга алынып, кызуу талкууланып жатат. Сыягы, жасалма диплом менен эки жыл иштеп, мамлекеттин акырынан "жем жеп" жемсөөсүн толтуруп көнгөн жерди кыялбай, коштошкону барса керек. Арийне, Кыргызстан мыйзамды сыйлаган, укуктук нормаларды сактаган өлкө катары эсептесек, Фархат Исмаилов мандатынан эле ажыратылбастан жоопкерчилик дагы тартышы зарыл.
Анткени, эки жыл бою жасалма диплом менен (бул кылмыш да) мамлекеттен миллиондогон айлык алып, депутаттарга каралган жеңилдиктерди колдонуп, элди, мамлекетти алдап келди да. Андыктан, эң кур дегенде буга чейин мамлекеттен алган каражатты тыйынына дейре өлкө казынасына төгүп берүүгө тийиш. Мандатымды тапшырдым, болду бүттү деп басып кеткен жарабайт.
Бул жагдай дагы бир диплому жасалма делип мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжановго дагы тиешелүү экенин эске салабыз. Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, канааттандырган жок. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыраткан. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон. Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган.
Окуу жайдын өкүлү диплом албаганын “Азаттыкка” шардана кылды. Билим берүү жана илим министрлиги да тастыктап атат. Дээрлик фактылар ЖМК беттерине батпай кетти. Баса, жарым жыл мурда УКМК Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун дипломдору жасалма экенин иликтеп, ачыктап салган. Учурда бир гана БШК курамы буйдалып, эки депутатка карата таккесе чечим чыгара албай келет.
Президент Садыр Жапаров ар дайым мыйзам баарына бирдей экенин какшап атса, эмнеге аткаруучу органдар шек жаратууда? Дагы качанкыга чейин элди алдашат? Бийликтин беделине сокку урулуп келген, эми гана бул иш айкындалып булар жазасын ала турган болушту.
Диплому жок Алтынбек Сулайманов сайгактап жүрүп Ысык-Көл облусуна гүбүрнатыр болгон. Бир топ убакыттан бери экс-губернатор Алтынбек Сулайманов Америкада эс алып жүргөнү, ара-чолодо бизнес да кылганы, үй-бүлөсүнө кам көрүп жатканы кабарланды. Убактылуу саясаттан четтегенин да эшиттик. Сыягы, жалпы коомчулук билбеген сырлар болушу мүмкүн. Ар ким алына жараша божомол кылууда. Ал эми чындыкты учуру келгенде өзү айтса керек.
Он беш жыл чоң саясатта такшалган, артында калың электораты бар Алтынбек Сулайманов кантип эле баарына кол шилтеп кетсин? Утурумдук тайм-аут да. Эмесе, кеп удулу келгенде маек алуу менен көптөгөн сырларды ачыктайбыз.
Тилекке каршы, мыйзам аткарылбай, арабөк абалда калды. Ал эми Фархат Исмаилов кошоматчы депутатка айланып, улам бир кесиптешине атырылып, коомчулук астында шермендеси чыгууда. Алгач Мирлан Самыйкожого бир тийип, бирок кайра жыга чабылып, таяк жегенин журналист Канышай Мамыркулова жазып чыккан.
Жакында эле дагы бир депутатка жулунуп, маданиятсыз, “кол жоолуктай” образын көрсөтүп, көпчүлүк астында талкуу жаратты. Айтор, чамынып эле жатат. Жасалма дипломду актап, “куралга” айланып, эптеп мандатын сактап калуунун амалына өткөнүбү? Мындайларды коом тез эле иргеп, жүзүн ачат эмеспи. Эртең эч кимге кереги жок болуп калганда, дипломду сатып алганы үчүн жоопкерчиликке тартылып калбайбы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg