www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстан менен Тажикстанды кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырарын айтып РФтин Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Анда Москва Бишкек менен Душанбенин ортосунда чек араны тактоо маселесинде карама-каршы маанай жаралып жатканына дыкат байкоо салып турганы белгиленген.
“Кыргызстан менен Тажикстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы болуп саналат. Андыктан Россия Борбор Азиядагы туруктуулукту камсыздоо максатында ЖККУдагы өлкөлөр ортосунда тирешүүгө жана пикир келишпестикке жол бербөөгө кызыкдар”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Москва ортодо жаралган жагдайлар өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин белгиледи.

“Досторубузду жана союздаштарыбызды кескин билдирүүлөрдөн жана ойлонулбаган кадамдарды жасоодон карманууга чакырабыз. Бул соңку убакта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинде позитивдүү жыйынтыктарга кедергисин тийгизиши ыктымал. Мурдагы СССР өлкөлөрү ортосундагы жаңжалдар биринчи кезекте “жамааттык Батыш” үчүн пайдалуу экенин эстен чыгарбоо шарт. Алар Борбор Азиядагы мамлекеттердин кызыкчылыгын эске албайт, өзүнүн эгоисттик максатын көздөйт”, — деп жазылат Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле ТИМ Россия эки өлкө ортосундагы чек ара маселесин чечүүдө бардык жагынан көмөк көрсөтүүгө даярдыгын дагы бир ирет тастыктады.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын көп жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин тастыктаган бир катар документтер табылганын айткан. Бул коңшу өлкө койгон дооматтарга жооп болорун билдирген. Эртеси Тажикстан КРдин элчисин чакырып, Ташиевдин сөзүнө тынчсыздануусун билдирген.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости