www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарында Түркиянын жараны Корай Вурал уурдалды. Бул тууралуу түрк басылмалары кабарлады.
"Кроносо" сайты Вуралдын жакындарына таянып, аны 16-сентябрь күнү эртең менен Душанбедеги Özyurt түрк ресторанынын жанынан сегиз киши кармап кеткенин кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, 46 жаштагы Корай Вурал 17-сентябрь күнү "Түрк аба жолдорунун" учагы менен Душанбеден Стамбулга жеткирилген.
АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленге жакын ЖМКлар, анын ичинде Samanyolu TV телеканалы Корай Вуралды атайын кызматтын өкүлдөрү салып кеткенин кабарлоодо. Маалыматта Вурал буга чейин коопсуз өлкөдөн башпаанек таап берүү өтүнүчү менен БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарына кайрылганы жана анын жообун күтүп жатканы жазылган.
Тажикстандын бийлиги Корай Вуралдын уурдалганы тууралуу маалыматтар боюнча комментарий бере элек.
Жакындарынын айтымында, педагогика илимдеринин кандидаты Корай Вурал акыркы 28 жылдан бери Тажикстанда жашап келген. Көп жылдар бою Душанбедеги тажик-түрк лицейлеринин биринин директору болгон. 2016-жылы лицей жабылгандан кийин ишкерлик менен алектене баштаган.
Тажикстандагы тажик-түрк лицейлерин Фетхуллах Гүлендин тарапташтары каржылап келген. 2016-жылы лицейлер зээндүү балдар үчүн мектептер деп өзгөртүлүп, аларды башкарган түркиялык "Шалола" компаниясы негиздөөчү макамынан ажыратылган.
Быйыл июлда "Диалог" илимий-маданий уюмунун мурдагы башчысы Эмсал Кож да Душанбеде уурдалып, күч менен Түркияга жеткирилген. Анда "Сөз эркиндиги боюнча Стокгольм борбору" (SCF) Bold Medya порталына шилтеме кылып, түрк бийлиги Кожду Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен кызматташканы үчүн кармап кеткенин билдирген. SCF кабаралагандай, көп өтпөй Эмсал Кожду Түркиянын Эрзурум провинциясындагы тергөө абагында байкашкан.
Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деп шектелген адамдарды камакка алуу боюнча жүздөгөн ордер берген. Анкара бул кыймылды 2016-жылы ишке ашпай келген мамлекеттик төңкөрүш аракетин уюштурган деп айыптап келет.
Жакында эле Түркиянын Чалгын кызматы Гүлендин 100дөн ашык тарапташы кармалып, күч менен Түркияга алып келингенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg