www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соцтармактардагы Кызыл-Кыя шаарында белгисиз балдардын топ болуп мушташкан видеосу боюнча Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берет.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда саат 17:53 чамасында, Кызыл-Кыя ШИИБинин ыкчам-нөөмөтчүсү билдирме менен кайрылып, анда ал Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиева көчөсүндө бир топ балдардын бири бири менен урушуп жаткандыгы интернет тармагына тарап кеткендигин билдирген.
Бул жагдай боюнча жыйналган материал аталган күнү бөлүмдүн КБРнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, окуя болгон жер Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан медициналык колледжинин күн чыгыш тарабында болгондугу, кароо жүргүзүү учурунда аталган жерде, урушкан балдардын жок экендиги аныкталган.
Бул окуя боюнча урушкан балдарды тактап, тергөөгө камсыз кылуу максатында бөлүмдүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине тергөө тапшырмасы берилип, жыйынтыгында бир тараптагы балдар Кызыл-Кыя шаарынын 22-23 жаштардагы үч тургуну экендиги, ал эми экинчи тараптагы балдар Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын 24-25 жаштардагы үч туругуну экендиги такталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эки тарап 19-сентябрда болжол менен саат 15:00 чамаларында Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөгү медициналык колледжинин алдында, жөө адамдар жүрүүчү жолдо, жол талашып, өз ара пикир келишпестиктен улам Кызыл-Кыя шаарынын тургуну М.Э. менен Ноокат районунун тургуну А.Б. урушуп кеткендигин, кайра ошол эле жерде жарашып, кол алышып кетишкендигин билдиришкен. Окуя боюнча бири-бирине карата арыз доолору жок экендигин билдиришкен.
Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg