www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда  “Салам мектеп” аталышында иш-чара өтүүүдө

Ош облусунун аймагында “Салам мектеп” аталышындагы профилактикалык багыттагы иш-чара өтүп жатат.

Негизги максаты ата-энелер менен биргеликте жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, билим берүү жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү, дин кызматынын кызматкерлери, ошондой эле, башкармалыктын жана райондук ички иштер бөлумдөрүнүн кызматкерлери ардагерлер менен чогу “Жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу” боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Буга катар жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, радикалдык агымдар, коомдук жерлерде өзүн өзү алып жүрүү, жол коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча маалыматтар берилүүдө.
Жолугушунун жүрүшүндө окуучуларга кылмыштуулуктан оолак болуу, ар кандай туура эмес иштерге аралашпоого жана кылмышка карата жоопкерчиликтүү боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ал эми жолугушуу учурунда ата-энелер жана айыл башчылар тарабынан түнкү мезгилде ата-эненин коштосусуз жүргөн балдарды аныктап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча рейдтерди күчөтүү жагын сунуш кылышты.

Мындан сырткары эч жерде окубаган, иштебеген мектеп бүтүрүүчүлөр окуучуларга терс таасирин тийгизбөөсү тууралуу, алардын азгырыктарынан оолак болуу маселелери ата-энелер тарабынан айтылды.

Аталган иш-чара Ош облусунун бардык аймактарында 2023-жылдын 18-сентябрдан 10-октябрга чейин өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости