www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигинин жетекчилиги менен кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорацияларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева билдирди.

Кол коюлган документке ылайык, тараптар маалымат жана видеоконтент алмашуу боюнча кызматташат. 

Мындан тышкары Кыргызстандын аймагындагы окуяларды биргелешип видео көрсөтүүнү жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле NazarNews кызматкерлери үчүн да, кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорациясынын кызматкерлери үчүн да тажрыйба алмашуу жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда.

Белгилей кетсек, NazarNews маалымат агенттиги Кытайдын CCTV-plus медиа корпорациясы менен кызматташууну 2021-жылдын июль айында баштаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости