www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Үмүт Мукамбетова билимдүү, токтоо, акыл-эстүү, профессионал журналист», - деди бүгүн, 23-февралда NazarNews маалымат агенттигине «Ачык саясат плюс» гезитинин жетекчиси Назгүл Мамытова.

- Үмүт Мукамбетованын кармалышын «подстава» - деп эле түшүндүм. Биринчиден, сайт менчик, мамлекеттик эмес. Эгерде ал, «менин колумда сен тууралуу материал бар, акча бербесең чыгарып салам» десе анда шантаж, пара талап кылуу болмок. Бул жерде коомчулукка тарап, сайтка чыккан материалды өчүрүп берчи деп арыз жазган адам өзү суранып жатпайбы. Ошон үчүн Үмүт Мукамбетованын ишинде эч кандай кылмыштын белгилери жок. Ошондой эле, опузалап акча талап кылгыдай Үмүт айым зөөкүр эмес. Билимдүү, токтоо, акыл-эстүү, профессионал журналист. Тез арада камактан бошотулбаса, укук коргоо органдарынын өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө шек кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости