www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Цементовоз оодарылып, айдоочусу секирип кетип аман калды

Ош–Ноокат жолунун Зулпуев айыл аймагына кире бериште даярдалган бетонду алып бара жаткан цементовоз оодарылып кетти. Бул боюнча Ош ОИИБден кабарлашты. Маалыматка караганда, ал жол боюндагы үйдүн тосмосун, электр мамычасын сүзүп оодарылган.

Окуя болжол менен саат 17:00 чамасында болгон. Айдоочу Зулпуев айыл өкмөтүнө кире бериштеги жаңы курулуп жаткан күйүүчү май куюучу жайга даярдалган бетон алып бара жаткан.

Жол ылдыйыш болгондуктан, токтой турган жерге жеткенде тормозу иштебей калып, жол боюндагы үйдүн дубал тосмосун сүзгөн. Айдоочу секирип кеткенге үлгүргөн. Ал эми жергиликтүү тургундар бетонду кол араба менен ташып, ошол жердеги жолдун чуңкурларын толтуруп алышканын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости