Акматбек Келдибеков, экс-депутат: «Үмүтай «Ата- Журтчулардын» башына оор күндөр түшкөндө жалтанбай чындыкты жазып, аягына чейин күрөшкөн адам»
Саясат  |   |  10094

«Менин жана Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун, Нурлан Сулаймановдун, Талант Мамытовдун жана башка «Ата - Журтчулардын» башына оор күндөр түшкөндө жалтанбай чындыкты жазып, аягына чейин күрөшкөн адам», - деди бүгүн, 23-февралда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин экс-депутаты Акматбек Келдибеков.

- Мен Үмүтайды жакшы жагынан гана билем. Кесипкөй, патриот, өз ишин жакшы билген, адамкерчиликтүү адам. Менин жана Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун, Нурлан Сулаймановдун, Талант Мамытовдун жана башка «Ата - Журтчулардын» башына оор күндөр түшкөндө жалтанбай чындыкты жазып, аягына чейин күрөшкөн адам. Мен ага коюлуп жаткан доомат менен кармалганына ишенбейм, бул жерде баарын кылдаттык менен караш керек.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями