www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сапар ууру! Жаш болсоң да сендей жоон моюн, бетсиз, өзүн элден өзгөчө сезген «типичный» макоо жигит башка Кыргызстанда жок болуш керек. Мындай пикирин бүгүн, 23-февралда жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Сапар ууру! Жаш болсоң да сендей жоон моюн, бетсиз, өзүн элден өзгөчө сезген циничный макоо жигит башка Кыргызстанда жок болуш керек. «Кытайдан карыз алсак да көздөгөн максаттарга жеттик, өлкөнүн энергетика тармагы талапка жооп берет» деп, кайсыл бетиң менен айтып жатасың, Кудай урган интеллигент аферист?

Биринчиден: ошол эле ТЭЦтин модернизация иши үчүн Максим Бакиев Кытай менен 150миллион долларга келишим түзгөн. Демек, 150млн$ ошол ишке жетмек. Себеби, Максим Бакиевдин башы сеникине караганда жүз эсе күчтүү иштеген. Максим Бакиев өлкөгө инвесторлорду керегинче алып келип салып, ошонун натыйжасында мигранттардын агымы токтоп калган.

Сен Атамбаев экөөң ТЭЦтен эле 236млн$ уурдагансыңар.

Экинчиден: ТЭЦ модернизация иштери талапка жооп берсе, 2019-жылы январда авария болуп, эл суукка тоңот беле?

Үчүнчүдөн: ТЭЦ, музей, альтернативдик жол, Датка Кеминдеги уурулуктардын баарынын почерки бирдей болуп турат, баардык жерде сен барсың. Баардык жерде 600доллардык кычкач, 600доллардык жыгачтар ж.б.у.с. бааны жогорулатып салуу ыкмасы колдонулган. Менимче, ушул арам жолду сен ойлоп тапкансың, а Атамбаев эмес. Музейдин ремонту боюнча бир студияда маек берип жатып: «бул музей менен кыргыз эли келечекте сыймыктанышат» деп сүйлөп алып, өтө жийиркеничтүү, орустар айтмакчы «ихидно» жыртайып күлгөнүң алигече көз алдымда турат. Мен ошондо: музей менен сыймыктангандын эмне күлкүлүү жери бар болду экен деп, сенин шуркуя катындарча күлгөнүңө таң калган болчум. Көрсө: «эй чор таман кыргыз, биз силердин мойнуңарга очойтуп карызды илип койгонубуз менен ишиңер жок жүрөсүңөр да» деген тааризде жыртайган экенсиң, арам каткыр жаш жубарымбек.

Төртүнчүдөн: сен акмак Раимбек Матраимовду ууру деп айтканга тырмакча да акың жок. Раимбек эч качан элдин ырыскысына кол сала турган жигит эмес. Элден уурдай турган адам, элге кайрымдуулук иштерди жасабайт. Райымбектин таможняда иштегенинен кыргыз эли пайда көрсө көргөндүр, бирок зыян тарткан эмес. А сен, жана кожоюнуң Атамбаев экөөңдөй зыянкеч, жүз жылда бир келүүчү каргаша, апаат бул дүйнөдө болбосо керек.

Бешинчиси: акыйкат деген сөздү Атамбаев экөөң оозуңарга ала көрбөгүлө. Дал силердин башкаруу маалыңарда: кадр маселеси, демократия, сөз эркиндиги, мыйзамдуулук, акыйкат баары тепселип жок болгон. Кудай жазаңарды берсин. Сен экөөңдөй адам сөрөй кыргызда экинчи жаралбасын», - деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости