www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКда Назира Аалы кызы аттуу беделдүү, сулуу, билим десе билими, жөндөм десе жөндөмдүү айымыбыз бар. Ал аталган каналдын "Маданият, тарых жана тил" каналынын продюсери болуп эмгектенет. Продюсер айым жакында эле өзүнүн Фейсбук баракчасына өзү иштеп жаткан каналындагы акыркы интернет айдыңындагы ызы-чууга айланган пикирлер тууралуу жазды.

- Биз биякта туруп алып, кан Манастын улуу урпагыбыз, нурдан жаралып, күндөн бүткөн касиеттүү элбиз, Европа элин бир силкинткен Адил хандын тукумубуз, улуу Моголистандын жолборсторубуз, айбаттуу арстанбыз, адамзаатты жыргата турчу Алтын доордун эшигинин ачкычынын ээсибиз, деп, күжүлдөгөнүбүз кайсы дагы, анан муногул жерде мааниси жок бир майда маселелер менен бирибизди бирибиз канын кактап ичип жатабыз. Жараткандын алдында ар бир жаман сөздү кой, жаман ой үчүн жооптуу экенибизди эстеген киши жок. Көрдүңөрбү Досторум, дагы нарылаган сайын мен даваат айта баштадым. Мен да, элден калбай эртерээк айтып койоюнчу, бул менин менчик пикирим, өзүмдүкү, менин менчик баракчам, өзүмдүн менчик мээмден чыккан ой (бирдеме десе эле ушинте беришет го мобу жерде). Негизи, чоңдор жөнүндө жазганды да жактырбайм. Жөөт айтмакчы, «о начальниках как о покойниках, либо хорошо, либо ничего», дейт эмеспи. Мен да так ошондой пикирде элем. Анткени башкаргандар тууралуу сөз кылуу- өтө опурталдуу. Жакшы жазсаң, “тууй ата, мобу такыр эле болбой калыптыр, кошоматтанып атып өлүп кетээр бекен”, деп жийиркенебиз. Жаман айтсаң андан беш бетер кооптуу. Айтканың башыңа балта болуп чабылышы мүмкүн. Ошон үчүн үн катпаган, үйдөй балээден кутулуптур, дегендин да чындыгы бар.

КТРКны, анын жамаатын, жулкулдатып жулмалап, төбөдөн ары шак эттире коюп, төпөштөп эле жатасыңар досторум. Билгени да, билбегени да кекиртектен алып муунтуп, жерден алып, көргө салы , көмүп коюп, кайра казып чыгарып, иши кылып ийри-буйру сөз токтоор эмес. Өлөйүүүн деп, өзү араң басып жүргөн кыргызым да, өтүп баратып жөн өтпөй бир тээп өтөт. Негизи ур-токмоктун көбү Карыпбековго тийип атат. Жообун өзү берүүдө. Бирок, мына эми пикир билдирип, ой бөлүшчү мезгил да келди окшойт. Бизге төрт жыл жетекчи болгон Карыпбеков тууралуу кабат-кабат пикир айтылып, чогултса, чоң китеп болгону калды окшойт. Каап атса, камырап койбой ал дагы мындай көрүнүшкө көнгөндөй. Мен КТРКга келгени Илим Карыпбеков - бешинчи башкы директор. Башкаларын айтып баштасам баяным узарып кетчүдөй. Бирок кезеги келгенде чекесинен аларды дагы кеп кылып берем. Азыр өзүнө эле токтолоюн.

Карыпбековду Байкоочу кеңешке келгенден тартып биле баштаганбыз. Кийин бизге башчылыкка бекиди. Эми эмне болоор экен, деп теле деген тегирмендин барасын адаттагыдай айлантып жаттык. Башында, башкы директор иш кагаздарындагы башаламандыктарды ары аңтарып, бери аңтарып, калыпка келбеген кагаз-каттар менен алышып, “ушундай да бардак болобу?!”,- деп жакасын кармап, келме келтирип атканын шыбыр-күбүр угуп калып аттык. Кыргызчасынан эле, кол алышып, беш бармак үстүндө антташып бүткөн «договорлор» да толтура экенин уктук. Кыскасы, кыйын юрист катары ал жагын калыбына келтирди көрүнөт, анан тартип маселесине өттү. Көп ызы-чуу ошол жерден пайда болду.

Негизи чыгармачыл киши чылымын тиштеп, чыйт түкүрүп, ары-басып, бери басып, транска түшүп, илхомун илгээриден чакырып иш кылат эмеспи. Бир күндө он кирип, он чыккан бизге, Илимдин, эшигибиздин алдына койгон тосоту баарыбыздын үрөйүбүздү учурду. “Тойго кетебизби, ойго кетебизби көрсөтүүлөрүбүз учурунда даяр болсо болду да”,- деп, анча мынчабыз ыңкылапка да даярданып калдык. “Бул желмогуз жай турмушубузду бузду, мунөт-секундун санап, самолет учурган аэропорт белек. Карасаң, ошол жакта орноткон тартибин бизге ташып атканын”,- деп алда канчабыз каргап –шилеп да жибердик. Анан, бир аз айла жоктон ачуубуз тарагандан кийин, ар-жак бери жакты карасак иш баягыдай эле. Чип киргенге чейин дүкүлдөп иштегендер, ошол бойдон эле былк этпестен иштеп атат. Аларга анын дегеле таасири болбогондой. Акыры таштай тартипке дагы көндүк. Илим Карыпбековдун кемчиликтерин айтып, колуңардан келсе кемирип, кесип жеп алгыла, ага адвокат болоюн деген ниет тилегим деле жок. Андайга ал дегеле муктаж эмес. Бирок, калыстык үчүн көпчүлүк биле бербеген бир сапатын айтып коюу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости