www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде радиолордон “Эфирде Айпери Суранчы кызы” деген жагымдуу үн жаңырып, кийин бул ысым татынакай жүзү менен сыналгыга да чыга баштаган.Эми журналисттик ишине видео-блогерликти кошуп ѳз аудиториясын түзүп келе жаткан жигердүү айым менен болгон маек сизге кызыктуу болот деген ойдомун.

- Айпери, журналисттик кесип сизди эмнеси менен кызыктырды?

- Журналистикага окуучу кезимден аралашкам десем болот.Атамдын кесиби журналист.Учурда ардактуу эс алууда болсо да кесибине болгон күчтүү сүйүү менен “Талас турмушу” гезитинде жооптуу редакторлук кызматты аркалап жатат.Кичинекейимде атамдын кесиптештеринин чай үстүндөгү маектерине суктанчумун.Андан улам бул чөйрөнүн ашканасына аралашып, казанында кайнагым келчү.10-классты бүткөндө Таластагы “Радио Муз” радиосуна атамдын тааныштары аркылуу кирип ди-джей болуп эки жыл иштедим.Кийин жогорку окуу жайда окуп жатканда да бул кесипке болгон кызыгуум өчкөн жок.Бир күнү сыналгыдан НБТ каналында алып баруучуларга кастинг жүрүп жатканын көрүп дароо бардым.Айылдан жаңы келген толук кыз элем.Атаандаш болчу сулуу кыздарды көргөндө ал жерден кетип калгым келген.Мени колдоп келген бир тууган акем:“Кеп сулуулукта же бойдо эмес, кеп сенин талантыңда, акылыңда”,-деп шыктандырып койду.Кезегим келгенде кирип алар айткандай тыпылдап алып бардым.Бүткөндө “сен кетпей тур, жетекчиге көргөзөм” деди.Ѳзүмө ишенбеген жаным “чын эле көрсөтөбү же какшыктап жатабы” деп ойлогом.Көрсө, чын эле 600дөн ашуун кыздын арасынан өтүптүрмүн.Үч күндүк даярдыктан кийин түз эфирге чыгып, НБТ каналындагы “Лидер кж” программасы менен теледеги тушоом кесилген. 

- Бул тармактагы жолуңуз кандай уланып келе жатат?

- Кийин “Манас жаңырыгы” теле-радио корпорациясында үч жылдан ашык эмгектенип, продюсерлик кызматка чейин жеттим.Буга катар коомдук каналдагы “Муз обо” берүүсүн алып барып жүрдүм.Учурда КТРКнын Музыка каналында иштеп жатам.

- Алгачкы эфириңиз эсиңиздеби?

- Ал кезде кичинекей, ойноок, кѳп нерсени элес албаган кыз элем.Эфирге деле олуттуу карабаптырмын.Балалык кыял менен “эфир ушундай болот экен.Эми сөзсүз жылдыз болушум керек” деген максат менен чыккам.Сүрдөѳ, коркуу сезими деле болбоптур. Ал кезде жылдыз болууну самасам, азыр жөнөкөй, бирок эл оозуна алынган олуттуу журналист болгум келет. 

- Алган билимиңиз боюнча кайсы кесиптин ээсисиз?

- Атам: “Кааласаң журналистиканы деле алып кете бер. Бирок бул тармакта жогорку билим албайсың. Кыз баланын журналист болбой эле койгону жакшы” деп каалаган окуума тапшыруума каршы болгон. Ошентин жакындарымдын тандоосу менен экономика тармагында билим алгам.

- Радиодонун да, теленин да тузун татыптырсыз, сизге кайсынысы жакын?

- Мага экөө бирдей, экөөнү бөлүп карай албайм.Азыр деле радиону сагынам, баргым келет.Тилекке каршы, мен каалаган берүүлөр болбой келет.Бирок эртеби, кечпи радио тармагына кайтуу оюм бар.

- “Ушак тайм” долбоору чыккандан бери сизди жаман көргөндөрдүн саны арбып бараткансыйт.Ѳзүңүзгө душман арттырып жаткан жоксузбу?

- Чынында биз эфирди жасалмалуулук менен алып барабыз. Рамкадан чыкпай, ашык сүйлөбөй, этиканы сактап, айтор, кайсы бир мыйзамдарга баш ийүүгө туура келет. Аз убакыттан бери эфирдин этикасын сактабаган, бир рамкага сыйбаган, баш ийбеген, кыялымдагы “Ушак тайм” долбоорун ютуб каналы аркылуу ишке ашыра баштадым. Долбоорду атайын рамкадан чыгып, элди кызыктыралы деген ой менен эле ачтык. Белгилүүлѳрдүн эл билбеген сырларын ачыкка чыгарабыз. Алгачкы эфирибиз чыккандан бери мени “куусуң, стерва экенсиң, көрө албайсың” дегендер болуп жатат. Мен мунун баарын угууга даяр болчумун. Апам гана терс комментарийлерди окуп “эмнеге сени минтип айтышат?” деп таарынып, жаман болду. Апама “демек мени эл көрүп жатат.Эл сындабай койсо эмне кылат элем, бул башталышы гана” деп түшүндүрдүм. Алдыда сонун эфирлер бар, мындан да жаман комментарийлер болот. Аларга да даярмын.

-Жагымсыз пикирлерди тоготпой иш алып барууга эрк, күч керек го. Деги эле кандай тарбияда калыптангансыз?

- Үч уулдан кийинки жалгыз кызмын. Эркектер болгон жерде тарбия катуу болот эмеспи, катаал тартипте чоңойгом. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деп эч жакка чыкчу эмесмин. Жада калса 11-классты аяктап жатканда бүтүрүү кечесине да барган эмесмин. Агаларым “турмушка чыккан соң каалаган жериңе бара бер” дешчү. Ал кезде аларга таарынганым менен азыр ошондой тарбияда өскөнүмө сүйүнөм.

- Жолдошуңуз тууралуу айта кетсеңиз.

- Жолдошум Азамат экөөбүз бир мектепте билим алганбыз, курдашпыз. Бирок анын ой-жүгүртүүсү он жылга алдыга өсүп кеткен. Өзү экономикалык жана архитектуралык эки билимдин ээси. Учурда мамлекеттик электро-станцияда иштейт. Жолдошумдун түшүнүгү кенен, мага болгон ишеничи күчтүү. Ишимди абдан колдойт. Үч жылга жакын балдар менен үйдө отуруп калдым. Бул арада чыгармачыл чѳйрѳдѳн алыстап кеткем. Сагынуудан ѳтүп, аралашкым келбей, ал турсун таштайын деп калган кезим болчу. Ошондо: “Айпери, сен иштешиң керек. Сенин ордуң телевидение”,-деп мени жолдошум сүрѳдү.

- Учурда эки баланын ата-энесисиз. Үй-бүлө менен карьераны бирдей алып кетүү кыйын. Оорчулугу билинеби?

- Кыйынчылык болбой койбойт. Бирок мен дептерге бир күндүк же жумалык иш планымды жазып алып, ошонун негизинде иш кылам. Антсе да планга кирбеген жумуштар болуп кетип жетишпей калган учурларым болот. Азыр апам атайын айылдан келип балдарымды карап, тарбиялоого жардам берип жатат. Кичинекейим бир жашка чыкканда кетет. Анык кыйынчылык ошондо сезилет го мага.

- Блогер катары ырларды кѳркѳм окуп баракчаңызга чыгарып жүрѳсүз.Бул сизге канчалык зарыл?

- Бул үйдө отурганда жалгыздыктан келип чыккан.Бир чети эки адамга болсо да пайдасы тийсин деген максатта, бир чети үйдө отурганда жоголгон дикциямды калыбына келтирүүгө аракет кылып блогерликти тандагам. Азыр бир жумада эки-үч жолу тарбиялык мааниси терең ырларды тандап, кѳркѳм окуп видеолорду жүктөп турам. Ыр киргизбей калсам таарынып жазгандар болот. Бир окурманым “сиздин видеоңузду аяштарыбыздын группасына жөнөтүп койгом. Ал жактан жолдошум кѳрүп, ошол күндөн баштап үйгө эрте келип, башкача мамиле жасап калды” деген. Демек таасири тийип жаткан экен деп сүйүнгөм.

Булак: "Леди.кж"

Последние новости